Мазмунун көрсөтүү

Виталий Омельченко

5-ОКТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Ишенимдешинин жылуу сөзү Виталий Омельченкого күч-кайрат берип келет

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Ишенимдешинин жылуу сөзү Виталий Омельченкого күч-кайрат берип келет

2022-жылдын 22-сентябрында Мурманск облусунун райондук соту Виталий Омельченкону айыптуу деп тапты. Ага 580 000 рубль (9 526 АКШ доллары) айып пул салынды.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 29-январь

    Виталийге каршы козголгон кылмыш иши сотко ашкан

  2. 2020-жыл, 20-январь

    Укук коргоо органдары тарабынан суракка алынуу үчүн кармалган. Бошотулганга чейин эки күн кармашкан. Ага каршы козголгон кылмыш ишине тиешеси бар башка адамдар менен байланышууга жана Интернетти колдонууга тыюу салышкан

  3. 2019-жыл, 23-декабрь

    Орусия Федерациясынын Мурманск облусу боюнча тергөө комитети Виталий бир тууганыбызга каршы кылмыш ишин козгогон. Бийликтегилер аны Жахабанын Күбөсү катары өз үйүндө динин тутуп жаткандыгы үчүн айыптап жатышат

Жеке маалымат

Виталий бир тууганыбыз дагы деле Ыйык Жазмадан сооронуч алып, андагы көрсөтмөлөргө толугу менен карманып жатат. Анын ушундай жакшы үлгүсү бизди күч-кайратка толтурууда (Римдиктер 15:4).