Мазмунун көрсөтүү

Татьяна Шолнер

21-ИЮНЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Куугунтукталып жаткан Татьяна деген ишенимдешибиз Жахабага таянып, кубанычын жоготпой келет

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Куугунтукталып жаткан Татьяна деген ишенимдешибиз Жахабага таянып, кубанычын жоготпой келет

2022-жылдын 14-сентябрында Жалпы юрисдикциянын тогузунчу кассациялык соту Татьяна Шолнердин экинчи доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 16-декабрында Еврей автономдук облусунун соту Татьяна Шолнердин доо арызын канааттандыруудан баш тарткан.

2021-жылдын 25-июнунда Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Татьяна Шолнерди айыптуу деп таап, 30 айга шарттуу соттогон.

Жеке маалымат

Татьяна Шолнер

  • Туулган жылы: 1993 (Биробижан)

  • Кыскача таржымалы: Атасы ал кичинекей кезинде кырсыктан каза болуп калган. Ошон үчүн апасы бир уул, бир кызын жалгыз чоңойткон. Татьяна фармацевт болуп иштейт. Коньки тепкенди, велосипед тепкенди, волейбол ойногонду жакшы көрөт

    Техникумда тигүүчүлүктү окуп жүргөн кезде Ыйык Китепте жазылгандарга кызыга баштаган. Жахабанын Күбөсү болгон классташынын жүрүм-туруму аны катуу таасирленткен. 2004-жылы 12 жаштагы тууганы каза болуп калганда, Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери жөнүндө айтылгандар аны соороткон. 2017-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2020-жылдын 6-февралында Орусиянын бийлик өкүлдөрү Биробижандагы алты ишенимдешибизге, анын ичинде 27 жаштагы Татьянага каршы кылмыш ишин козгогон. Өзү ишенген динге карманганы үчүн эле башкалар менен бирге ага да «экстремист» деген айып коюлган. Жалпысынан Еврей автономдук облусунда 19 Жахабанын Күбөсүнө каршы иш козголгон.

Татьяна Жахабанын аны ушул оор учурда колдоп жатканынан такыр шектенбейт. Ал мындай дейт: «Куугунтук башталганда, Жахаба менен болгон мамилемди бекемдеген айрым нерселерди кыла албай калдым. Бирок Ыйык Китепти дайыма окуп жаттым. Жахабага кайрылып, ичимдегинин баарын айттым. Баарына чыдап, акырына чейин берилгендигимди сактаганга ыйык рухун беришин сурадым. Ошондой эле сотто анын ысмын коркпой коргой алышым үчүн мени эр жүрөк, кайраттуу кылышын, акыл беришин өтүндүм».

Андан ары мындай деп сөзүн улайт: «Жахаба өзүнүн кызматчыларын колдоп, жардам берет, коргойт деген ойлор мага кубанып кызмат кыла бергенге күч берип жатат. Ал мени күчтүү оң колу менен кармап турат. Ушуну билгендиктен куугунтукка карабай ага таянып жатам, жан дүйнөм да тынч» (Ышая 41:10).

Соттун чечимин күтүп жатып Татьяна Жахабанын жардамы менен «кыйынчылыкка туруштук бере» алат деп ишенебиз (Римдиктер 12:12).