Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Егор Баранов жана Ен Сен Ли

13-АВГУСТ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 6-МАРТ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: МӨӨНӨТҮ КЫСКАРТЫЛДЫ | Баранов жана Ли кайратынан жазбай, Жахабага таянып жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: МӨӨНӨТҮ КЫСКАРТЫЛДЫ | Баранов жана Ли кайратынан жазбай, Жахабага таянып жатат

2023-жылы 1-мартта Хабаровск крайынын соту апелляциядан кийин Егор Барановго берилген мөөнөттү кыскартты. Ал беш жылга шарттуу соттолгон болчу. Эми төрт жарым жыл болуп калды. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 6-июнунда Хабаровсктогу Вяземский райондук соту Егорду айыптуу деп тапты. Ал 5 жылга шарттуу соттолду. Өкүнүчтүүсү, Ен Сен Ли соттун өкүмү чыкканга чейин каза болуп калды.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 2-февраль

    Егордун жана Ен Сендин ишине тиешелүү сот отурумдары башталган

  2. 2020-жыл, 20-ноябрь

    Егор тергөө камак жайынан чыккан. Ал 177 күн отурган

  3. 2020-жыл, 26-август

    Хабаровск борбордук райондук соту Ен Сендин машинесин тартып алган

  4. 2020-жыл, 29-май

    Егор тергөө камак жайына алынган

  5. 2020-жыл, 26-май

    Хабаровскдо Егор менен Ен Сенге каршы кылмыш иши козголгон

Жеке маалымат

Ишенимдештерибизди Жахабага таянып жатканы үчүн мактагыбыз келет. Ошондой эле Жахабанын аларга күч-кубат береринен такыр шектенбейбиз (2 Тесалоникалыктар 3:3).