Мазмунун көрсөтүү

Роман Барановский менен апасы Валентина Барановская

29-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Роман Барановский менен апасы Валентина Барановскаяга айып коюуда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Роман Барановский менен апасы Валентина Барановскаяга айып коюуда

2022-жылдын 4-майында Хакас Республикасынын соту 71 жаштагы Валентина Барановская бир тууганыбызды түрмөдөн бошотуу боюнча чечим чыгарды. Айыптоочу Валентина Барановская мөөнөтүнөн эрте бошотулбашы үчүн доо арыз менен кайрылган. Сот анын доо арызын четке каккан. Валентина бир тууганыбыз түрмөдө бир жылдан ашык убакыт отурду. Уулу Роман ишеними үчүн дагы деле түрмөдө отурат.

2022-жылдын 4-мартында прокуратура Усть-Абакан райондук сотунун Валентина Барановскаяны бошотуу боюнча чыгарган чечимине каршы доо арыз менен кайрылды. Айыптоочу Валентина мөөнөтүнөн эрте бошотулбашы керек, анткени «ал күнөөсүн мойнуна ала элек» деп айтууда. Андыктан Валентина бир тууганыбыз айыптоочунун доо арызы каралып бүтмөйүнчө камакта болот.

2021-жылдын 24-майында Хакас Республикасынын (Орусия) Жогорку соту Роман Барановский менен 70 жаштагы апасы Валентина Барановскаянын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар камакта калды. Андан тышкары, сот Роман менен Валентина бир туугандарыбыз түрмөдөн чыккандан кийин да аларга чектөөлөр коюларын дагы бир ирет белгиледи.

2021-жылдын 24-февралында Хакас Республикасынын Абакан шаардык соту Роман Барановскийди 6 жылга, ал эми анын апасы Валентинаны 2 жылга кесип жиберди. Бул — Орусияда эже-карындаштарыбызды Кудайга кызмат кылганы үчүн түрмөгө камаган биринчи учур. Валентина бир тууганыбыз 2021-жылдын апрелинде 70ке чыгат. 2020-жылдын июль айынан бери инсульттан азып чегип келет. Соттун чечими чыгарылгандан кийин аларды сот залынан түз эле түрмөгө алып кетишкен.

Жеке маалымат

Роман Барановский

  • Туулган жылы: 1974 (Балаково шаары, Саратов облусу)

  • Кыскача таржымалы: Жан багыш үчүн, апасына да каралашыш үчүн үйлөрдү оңдоп-түзөп иштечү. Гитара, шахмат, футбол ойногонду жакшы көрөт

    Өспүрүм курагында жашоонун маңызы тууралуу ойлончу. «Кээде Кудайдан туура жолду көрсөтүүгө жардам сурачумун»,— дейт ал. 1993-жылы Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. 1997-жылы чөмүлгөн

Валентина Барановская

  • Туулган жылы: 1951 (Ванновка айылы, Казакстан)

  • Кыскача таржымалы: 2006-жылы ардактуу эс алууга чыкканга чейин бухгалтер жана каржы маселелер боюнча адис болуп иштеген. Тамак жасаганды, ыр жазганды жакшы көрөт

    1995-жылы уулу менен чогуу Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Өзгөчө Кудайдын калп айтпай турганына таасирленген. 1996-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2019-жылы, 10-апрелде Абакандагы куралчан полиция кызматкерлери төрт Жахабанын Күбөсүнүн үйүн, анын ичинде Роман Барановский менен апасы Валентина Барановскаянын үйүн тинтишкен. Полиция кызматкерлери Ыйык Китептерди, электрондук каражаттарды жана блокнотторду алып кетишкен. Роман менен Валентинага каршы кылмыш иши козголгон.

«Үйбүзгө кирип келишкенде,— дейт Роман,— жыйналыш болуп жаткан. Дал ошондо 1 Корунттуктар 10:13 талкууланып жаткан. Ошондо бир маанилүү ой айтылган: Жахаба биздин кайсы кыйынчылыкка чыдашыбыз керектигин аныктабайт. Ал: „Сен күчтүүсүң, ошон үчүн сен бул сыноого чыдай аласың. Ал эми сенин күчүң аз, ошон үчүн сага оңоюраагын берейин“,— дебейт. Эгер ошондой болсо, анда биз өзүбүздүн күчүбүзгө эле таянышыбыз керек дегендей болуп калмак. Ар кимибиз ар кандай кыйынчылыкка туш болушубуз мүмкүн. Андайда Жахабага таянсак, сөзсүз бекем болобуз».

2020-жылы, июлда Валентина инсульт болгон. Ал мындай деп бөлүшөт: «Ден соолугум начарлап кеткенде Жахабанын колдоосун аябай сездим. Андан тиленгенди такыр токтоткон жокмун. Ал мени колуна көтөрүп алгандай эле болду. Ошондогу жүрөгүмдөгү тынчтыкты, бейкуттукту сөз менен айтып жеткире албайм».

Башынан өткөргөн окуялардан улам Валентина мындай жыйынтыкка келген: «Мен асмандагы Атама түбөлүккө кызмат кылууга, жашоодо кандай жагдайга туш болбоюн, ага ишенимдүү болууга ого бетер чечкиндүү болуп калдым».

Роман ага Ыйык Китептеги жана биздин күндөрдөгү туруктуулугунан жазбаган адамдардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүү ишенимин бек сактаганга жардам бергенин айткан. Ошондой инсандар жөнүндө ойлонгондо ал өзүнөн: «Алар кандай жагдайларга туш болду эле? Эмне үчүн ошондой болгон? Аларга берилгендигин сактаганга эмне жардам берген? Жахаба ыйык руху менен аларды кантип колдогон?» — деп көп сурай турган. Ошол суроолоруна тапкан жооптору Романды, кандай кыйынчылык болбосун, «Жахабанын, зарыл болсо, адаттан тышкаркы күч берерине ынандырган».

Биз Роман менен Валентина жана Орусиядагы кымбаттуу бир туугандарыбыз мындан ары да Жахабаны баш маана кылып, анын күчүнө таяна беришин сурап тиленебиз (Забур 46:1).