Мазмунун көрсөтүү

Сүрөттүн жогору жагында (солдон оңго): Борис Бурылов, Александр Иноземцев

Төмөн жагында (солдон оңго): Виктор Кучков, Игорь Турик жана Юрий Вааг

21-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Пермдеги беш ишенимдешибиз кайратынан жазбай, кубанычын сакташууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Пермдеги беш ишенимдешибиз кайратынан жазбай, кубанычын сакташууда

2022-жылдын 12-майында Жалпы юрисдикциянын жетинчи кассациялык соту Борис Бурыловдун, Александр Иноземцевдин, Виктор Кучковдун, Игорь Туриктин жана Юрий Ваагдын экинчи доо арызын четке какты. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 23-августунда Пермь крайынын соту алардын доо арызын четке какккан. Аларга каршы чыгарылган баштапкы чечим күчүндө калган.

2021-жылдын 12-майында Пермь шаарынын индустриалдык райондук соту Бориске, Александрга, Викторго, Игорьго жана Юрийдин ишине карата өкүмүн жарыялады. Игорь Турик 7 жылга, ал эми калган төртөө 2 жарым жылга шарттуу соттолушту. Алар азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Борис Бурылов

  • Туулган жылы: 1941 (Севастополь)

  • Кыскача таржымалы: Пермь крайында чоңойгон. Агрономдун окуусун бүтүргөн. Бала кезинде апасы ага Ыйык Китептен үзүндүлөрдү окуп берчү. Ыйык Китепти толугу менен 1990-жылдары гана ала алган. 1996-жылы чөмүлгөн

Александр Иноземцев

  • Туулган жылы: 1972 (Костанай)

  • Кыскача таржымалы: Аскерден келгенден кийин электрик болуп, машине оңдоп иштеген. Азыркы тапта үйлөрдү оңдоп иштейт. Ыйык Китепти окуганы жана Жахабанын Күбөлөрү менен изилдегенинин аркасында эмне үчүн өлүм, адилетсиздик болуп жатканын түшүнгөн. 1996-жылы чөмүлгөн. Жубайы Олеся менен 2017-жылы баш кошкон. Учурда кичинекей кызын чоңойтуп жатышат. Сүрөт тартканды, хоккей ойногонду, балыкка барганды жакшы көрөт

Виктор Кучков

  • Туулган жылы: 1967 (Светлица)

  • Кыскача таржымалы: Бала чагынан тартып эле жыгачтан бир нерселерди оюп жасаганды жакшы көрөт. Темир-тезекти иштетип чыгуу жаатында окуган. Заводдо долбоорлоо жагында инженер болуп иштеген. Балык уулаганды, волейбол ойногонду жакшы көрөт. Таняга 1988-жылы үйлөнүп, бир кыздуу болушкан. Кудай жөнүндө угуу дайыма жакчу. 1993-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон

Игорь Турик

  • Туулган жылы: 1968 (Нелидово)

  • Кыскача таржымалы: Фотоаппарат менен сүрөт тартып жана архитектор-дизайнер болуп иштейт. Ыйык Китепти 1990-жылдары изилдей баштаган. Анда жазылгандардын бири-бирине шайкеш келгенине абдан таң калган. 1998-жылы чөмүлгөн. 2002-жылы үйлөнгөн. Бир уул, бир кызы бар. Сүрөт, видео тартканды, радиоэлектрониканы жакшы көрөт

Юрий Вааг

  • Туулган жылы: 1975 (Лесосибирск)

  • Кыскача таржымалы: Жүк көтөрүүчү кранды башкарган адистин окуусун бүтүргөн. Учурда электрик жана куруучу болуп иштейт. Аскерде жүргөндө эжесинен Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө уккан. Юрийге Ыйык Китепти изилдегенге эжесинин анда жазылгандарга ылайык жашап, өзгөрө баштаганы түрткү берген. 1996-жылы чөмүлгөн. Жубайы Светлана менен да ошол жылы баш кошкон. Алардын бир уул, бир кызы бар

Иштин чоо-жайы

2018-жылы 17-сентябрда Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) жана башка атайын күч түзүмдөрү Пермь крайындагы, бери дегенде, 10 ишенимдешибиздин үйүн тинтишкен. Тинтип жатышканда бир туугандарыбыздын акчаларын, телефондорун жана башка электрондук каражаттарын алып кетишкен. Ошондон ары Виктор менен Игорду кармап кетип бир нече күн камап коюшкан. Анан алар 4 айдай убакытка үй камагына алынышкан. Ошондой эле Орусиядагы «экстремисттердин» тизмесине киргизишкен.

Ушундай кыйынчылыктарга карабай, ушул ишенимдештерибиз укмуштуудай кайраттуулук көрсөтүп, кубанычын сакташууда.

Юрий Жахабадан мурункуга караганда көбүрөөк тиленип калганын айтат. Ошондой эле ал Жахабанын кандай жолдор менен колдоп жана күч берип жатканы жөнүндө дайыма ойлонот. Ал: «Жашыя 1:7деги сөздөр мага өтө тынчсызданбаганга жардам берет. Бул аят мен үчүн жакшы жетекчилик болду. Анда жазылгандарга бардык жагдайда карманышым керектигин түшүндүм. Жахабанын жардам берип, колдоп жатканын сездим»,— дейт.

Викторго болсо кыйынчылык учурунда туруктуулугунан жазбаганга Жахабанын уюму жөнүндө ойлонгону жардам берген. Ал мындай деген: «Жахабанын улуулугу, уюмунун көзгө көрүнгөн жана көрүнбөгөн бөлүгү, ынтымактуу боордоштугубуз, жакшы кабардын бүтүндөй жер бетине таратылып жатканы жана так жүйөлөргө негизделген чындыктын кооздугу жөнүндө ой жүгүрткөнгө аракет кылдым. Бул мага өзүмө көңүл топтоп албаганга жардам берди. Ушулар жөнүндө ойлонгондон кийин кадимкидей тынчтанып калдым».

Игорь үйүнө кайтып келгенден кийин ага бир күлкүлүү окуя болгонун айтып беришкен. Ал мындай дейт: «Убактылуу кармоо жайында жатканда, кызым мени бекемдеш үчүн жаңы дүйнөнүн сүрөтүн тартып, берип жибериптир. Бирок кызматкерлер аны мага киргизгенге уруксат бербей коюшуптур. Аялым алардын сүрөттү көпкө карап туруп анан: „Биз муну киргизе албайбыз. Бул качып чыгуунун планына окшош экен“,— деп кайра берип коюшту деп айтты». Игорь андан ары: «Ананчы, жаңы дүйнө бул катаал дүйнөдөн качып чыгуунун эң сонун планы да!» — деди.

Бул бир туугандарыбызга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүш үчүн Жахаба ыйык рухун колдонорунан шектенбейбиз. Ошондой эле ал аларга керектүү күч-кайрат берет (Эфестиктер 3:20).