Мазмунун көрсөтүү

Алексей Ершов

5-НОЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Рухий иштердин күн тартибине карманганы үчүн Алексей Ершов көңүлүн чөгөргөн жок

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Рухий иштердин күн тартибине карманганы үчүн Алексей Ершов көңүлүн чөгөргөн жок

2022-жылдын 7-апрелинде Томск облусунун соту Алексей Ершовдун ишине байланыштуу чыгарылган чечимди өзгөрттү. Ал үч жылга шарттуу соттолду жана түрмөдөн дароо бошотулду.

2022-жылдын 19-январында Томск облусунун Северск шаардык соту Алексейди айыптуу деп таап, 3 жылга кести. Соттун чечими дароо күчүнө кирди.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 22-июнь

    Кылмыш иши козголуп, Томск облусундагы Северск шаардык сотуна жөнөтүлгөн

  2. 2021-жыл, 30-март

    Бир жылдан ашык убакыт бою Ыйык Китепти изилдегенге кызыгымыш болгон бир кишинин тартып жүргөн видеолорунун негизинде Алексейге жалаа жабылган

  3. 2020-жыл, 14-июль

    Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) жана Тергөө комитетинин кызматкерлери Алексейдин үйүнө кирип барып, жети саат бою тинтишкен. Алар анын банк карталарын, электрондук каражаттарын, Ыйык Китепти, паспортторун жана Wi-Fi роутерин алып коюшкан

Жеке маалымат

Ыйык Китепти күн сайын окуу жана тиленүү Орусиядагы ишенимдештерибизге мындан ары да күч берип, жубата береринен шек жок. Забур 9:9дагы: «Жахаба кыйналган адам үчүн коопсуз чеп болот, кысталыш учурунда коопсуз чеп болот»,— деген сөздөр бизге кайрат берет.