Мазмунун көрсөтүү

Үстүңкү катар (солдон оңго): Вячеслав Иванов менен Александр Козлитин

Ылдыйкы катар (солдон оңго): Сергей менен Татьяна Кулаковдор жана Евгений Елин

2-НОЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сахалиндеги куугунтукталып жаткан беш ишенимдешибиз Жахабага таянууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сахалиндеги куугунтукталып жаткан беш ишенимдешибиз Жахабага таянууда

2022-жылдын 11-майында Сахалин облустук соту Вячеслав Ивановдун, Александр Козлитиндин, Сергей менен Татьяна Кулаковдордун жана Евгений Елиндин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 31-январында Сахалин облусундагы Невельский шаардык соту Вячеслав Ивановду, Александр Козлитинди, Сергей менен Татьяна Кулаковдорду жана Евгений Елинди айыптуу деп жарыялаган. Сергей менен Евгений алты жарым жылга шарттуу соттолгон. Ал эми Вячеслав, Александр жана Татьяна 2 жылга шарттуу соттолушкан.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, июль

    Вячеславга, Александрга, Сергей менен Татьянага эки жакка чыгууга чектөөлөр коюлган

  2. 2020-жыл, 2-апрель

    Евгенийге эки жакка чыгууга чектөөлөр коюлган

  3. 2019-жыл, 20-январь

    Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК), Орусиянын жашыруун полициясынын, кызматчылары Жахабанын Күбөсү деп эсептелген, бери дегенде, 11 жарандын үйүн тинтишкен. Укук коргоо кызматкерлери аларга абдан катаал мамиле кылып, атүгүл жашы жете элек балдарды да суракка алышкан. Бул окуя Орусиянын президенти Владимир Путин Жахабанын Күбөлөрүнүн эмне себептен куугунтукталып жатканын иликтеп көрүүнү убада кылгандан көп өтпөй болгон

Жеке маалымат

Жахаба Ышая пайгамбардын: «Кудай — куткаруучум. Мен ага таянам, эч нерседен коркпойм»,— деген сөздөрүнө толук кошулган сүйүктүү бир туугандарыбызга мындан ары да кам көрө берет. Буга кымындай да шектенбейбиз (Ышая 12:2).