1-АПРЕЛЬ, 2022
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сергей Белоусов Кудайдын ысмын коргоп жатат
2022-жылдын 30-июнунда Томск облустук соту Сергей Белоусовдун доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.
2022-жылдын 14-апрелинде Томск облусунун Северск шаардык соту Сергейди айыптуу деп таап, аны 3 жылга шарттуу соттогон.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 14-июль
ФКК кызматкерлери 7 үйдү, анын ичинде Сергейдин үйүн тинтишкен. Буга бийлик тарабынан жиберилген тыңчынын Ыйык Китепти изилдегенге кызыгымыш болуп, бир нече ай бою жолугушууларыбызды видеого жашыруун тартып жүргөнү негиз болгон
2021-жыл, 25-март
Сергейге каршы кылмыш иши козголгон
2021-жыл, 30-март
Бийлик тарабынан жиберилген тыңчы тарткан видеолорго негиздеп Сергейге расмий түрдө айып коюшкан. Аны видеобайланыш аркылуу диний иш-чараларга катышканы, ырларды ырдаганы жана Кудайдан тиленгени үчүн айыпташкан
Жеке маалымат
Биз да, Сергейдей болуп, Жахабанын ысымын даңктасак, анын бизди «жогору көтөрөрүнөн» шектенбесек болот (Забур 148:13, 14).