Мазмунун көрсөтүү

Сергей Мельников

25-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сергей Мельников камакта отурганда Жахабанын ага «адаттан тышкаркы күч» бергенин айтты

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сергей Мельников камакта отурганда Жахабанын ага «адаттан тышкаркы күч» бергенин айтты

2022-жылдын 12-майында Приморье крайынын облустук соту Сергей Мельниковдун доо арызын канаатандыруудан баш тартты. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын 3-февралында Приморье крайынын Уссурийск райондук соту Сергейди айыптуу деп таап, 3 жылга шарттуу соттогон.

Жеке маалымат

Сергей Мельников

  • Туулган жылы: 1973 (Терней, Приморье крайы)

  • Кыскача таржымалы: Жыгач устачылык менен алектенчү. Өрт өчүргүч болуп иштечү. Балык кармачу жана кароолчу болуп иштеген. Жаш кезинде хоккей, волейбол ойногонду жакшы көрчү. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти 2000-жылдары изилдей баштаган. 2003-жылы Уссурийскке көчүп барган. Ошол жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын июнь айында Сергейге каршы кылмыш иши козголгон. Аны чындыкка кызыккан бир киши менен Ыйык Китеп жөнүндө сүйлөшүп жатканда кармап кетишкен. Бийлик башчылары анын үйүн да тинтишкен жана ноутбугун, телефонун тартып алышкан.

Сергей тергөө камак жайында 4 ай, үй камагында болсо 145 күн отурган. Кээде ага акырына чейин чыдаганга күчү калбай бараткандай сезилчү. Ошондой учурларда ал 1 Корунттуктар 10:13төгү сөздөр жөнүндө ой жүгүртчү. Ошондо өзүн дароо жакшы сезип калганын айткан. Сергей мындай деген: «Мен өзүмө: „Эгер Жахаба жол берип жатса, анда мен бул сыноону көтөрө алам“,— дедим. Жахабанын мага „адаттан тышкаркы күч“ бергенин сездим» (2 Корунттуктар 4:7)».

2020-жылдын 25-февралында Сергей үй камагынан бошотулган. Бирок ага өзү жашаган жерден башка жакка чыгууга чектөө коюлган.

Азыр ишенимдешибизге кандай чечим чыгарыларын күтүп жатабыз. Кандай болбосун, Жахабанын Сергей бир тууганыбызга жана Орусиядагы башка боордошторубузга «жардамчы» жана «калкан» болорунан шектенбейбиз (Забур 115:11).