Мазмунун көрсөтүү

12-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сот Светлана Монистин доо арызын канааттандыруудан баш тартты

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Сот Светлана Монистин доо арызын канааттандыруудан баш тартты

2022-жылдын 9-мартында Еврей автономдук облусунун соту Светлана Мониске чыгарылган чечимди жокко чыгарды. Эми анын иши кайра каралышы үчүн Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук сотуна жөнөтүлөт.

2021-жылдын 12-майында Еврей автономдук облусунун соту Светлана Монистин доо арызын канааттандырган жок. Анын ордуна айыптоочунун талабы боюнча, сот Светланага чыгарылган өкүмдү өзгөрттү. Эске сала кетсек, ал 10 000 рубль (135 АКШ доллар) төлөгөнгө милдеттендирилген. Жаңы чечимге ылайык, Светлана бир тууганыбыз эки жарым жылга шартуу соттолду. Бирок ал азырынча түрмөгө камалбайт.