Мазмунун көрсөтүү

Өйдөңкү катар (солдон оңго): Алексей Дядькин, Алексей Горелый, Никита Моисеев

Ылдыйкы катар (солдон оңго): Владимир Попов, Евгений Разумов, Олег Шидловский

24-МАРТ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Тергөө камак жайында отурган алты ишенимдешибиздин үй-бүлөсү Жахабанын колдоосун сезүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Тергөө камак жайында отурган алты ишенимдешибиздин үй-бүлөсү Жахабанын колдоосун сезүүдө

2022-жылдын 19 сентябрында Ростов-на-Донудагы Гуково шаардык соту Алексей Дядькинди, Алексей Горелыйды, Никита Моисеевди, Владимир Поповду, Евгений Разумовду жана Олег Шидловскийди айыптуу деп тапты. Алексей Горелый менен Олег Шидловский 6 жарым жылга түрмөгө кесилди. Ал эми Алексей Дядькин, Никита Моисеев, Владимир Попов жана Евгений Разумов 7 жылга эркинен ажыратылды. Аларга чыгарылган өкүм ошол замат күчүнө кирди.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 8-август

    ФККнын кызматкерлери Ростов облусунун 3 шаарында жана Курск шаарында жашаган 17 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Андан кийинки күнү эле Горелый, Моисеев, Разумов, Шидловский бир туугандарыбыз тергөө камак жайына жөнөтүлгөн. Владимир Попов федералдык издөөгө алынган

  2. 2020-жыл, 12-август

    ФККнын кызматкерлери Владимир Поповду кармап кетишкен. Эки күндөн кийин ал тергөө камак жайына жөнөтүлгөн

  3. 2020-жыл, 21-август

    Суракка алынгандан кийин Алексей Дядькин тергөө камак жайына жөнөтүлгөн

  4. 2021-жыл, 28-июнь

    Жактоочу тергөө камак жайында отурган 6 бир тууганыбызга келип кеткен. Бир туугандарыбыз ага тергөө камак жайындагы начар шарттарды, анын ичинде дубалдары көк басып кеткен камераларда отурушканын, камера 40 градуска чейин ысып кетерин жана алар менен чогуу отургандар COVID-19 илдетине чалдыгышканын айтып беришкен

  5. 2021-жыл, 21-июль

    Владимир Поповдун дем алуусу начарлагандыктан аны башка тергөө камак жайындагы медициналык бөлүмгө которушкан. Кийинчерээк ооруканага жаткырылган

  6. 2021-жыл, 30-сентябрь

    Владимир Попов эки ай ооруканада жаткандан кийин кайрадан тергөө камак жайына жөнөтүлгөн

  7. 2021-жыл, 17-ноябрь

    Сот отурумдары башталган. 6 ишенимдешибиздин тең мөөнөтү узартылган

Жеке маалымат

Биз мындан ары да бул ишенимдештерибиз үчүн жана алардын үй-бүлөсү үчүн тиленип турабыз. Жахабанын аларга зарыл күч береринен жана ишенимин бекемдээринен шектенбейбиз (Римдиктер 15:30).

a b c d e 6 бир тууганыбыз тең тергөө камак жайында отургандыктан, алар менен маек курууга мүмкүнчүлүк болгон жок.