8-АПРЕЛЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 16-ФЕВРАЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Түрмөдө отурган ата үй-бүлөсүнө рухий жактан кам көрүүдө
2023-жылдын 15-февралында Казань шаарынын Советсткий райондук соту Константин Санниковду айыптуу деп таап, 6 жарым жылга кести. Ал 2020-жылдын август айынан бери тергөө камак жайында болчу. Учурда болсо түрмөдө отурат.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 25-август
Константинге каршы кылмыш иши козголгон. Тергөөчүлөр анын үйүнө жашыруун тыңшоочу шаймандарды орнотуп кетишкен. Бийликтегилер башкалардын Константиндин үйүнө келип, Ыйык Китепти талкуулаганын экстремисттердин иш-чараларын уюштурууга жатат деп эсептешкен
2020-жыл, 27-август
Константинди кармап, дароо тергөө камак жайына алып кетишкен
2021-жыл, 26-май
Сот Константиндин жубайы Иринага күйөөсү менен көрүшкөнгө тыюу салган. Сот анын суранычын орундатуудан баш тартууда
2021-жыл, 20-август
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Константин камакта отурганына карабай үй-бүлөсүнө рухий жактан кам көрүп жаткандай эле, Жахабанын да «өз үйүндөгүлөрүн» эч качан таштабай турганына шектенбейбиз (1 Тиметей 5:8).
a Константин Санников учурда тергөө камак жайында отургандыктан, андан дил маек ала алган жокпуз.