7-ИЮНЬ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 3-АПРЕЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ | Өзүнө эмес, Жахабага таянган ишенимдештерибиз
2023-жылы 31-мартта Москвадагы Бабушкинский райондук соту Вардан Закарянды, Виталий Комаровду, Юрий Чернышёвди, Иван Чайковскийди жана Сергей Шаталовду айыптуу деп тапты. Иван, Юрий, Виталий жана Сергейлер алты жыл үч айга кесилишти. Ал эми Вардан төрт жыл үч айга кесилди. Аларды сот залынан дароо эле камак жайга алып кетишти.
Жагдайдын өрчүшү
2020-жыл, 24-ноябрь
Укук коргоо органдары Москвадагы 20 Жахабанын Күбөсүнүн, бери дегенде, 20 үйүн тинтишкен. Виталий Комаров, Юрий Чернышёв, Иван Чайковский жана Сергейя Шаталовду убактылуу тергөө камак жайына камашкан. Юрийдин үйүнө жабыла кирип келишкенде жана анын үй-бүлөсүн суракка алышканда бүт баарын видеого тартышкан. Андан кийин видеонун үзүндүлөрүн мамлекеттик телеберүүлөрдөн көрсөтүшкөн
2020-жыл, 26-ноябрь
Сергей убактылуу тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган. Үйүн тинтишкенде жарааттарды алганы үчүн ооруканага жаткырылган Варданды убактылуу тергөө камак жайына камашкан. Ал жактан аны жалгыз кишилик камерага отургузуп салышкан
2020-жыл, 27-ноябрь
Сот Иванды, Юрийди жана Виталийди камактан бошотуп, үй камагына отургузууга буйрук берген
2020-жыл, 30-ноябрь
Сот Варданды камактан бошотуп, үй камагына отургузууга буйрук берген. Ошондон көп өтпөй эле Вардан прокуратурага ага мыйзамсыз түрдө кол салышканына байланыштуу доо арыз менен кайрылган
2022-жыл, 16-февраль
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Биздин сүйүктүү ишенимдештерибиздин окуясы — Жахаба ага жакындагандарга жакындай турганын тастыктаган мыкты далил (Жакып 4:8).