Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Владимир Мельник, Владимир Пискарёв жана Артур Путинцев

20-МАЙ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 17-ОКТЯБРЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ТҮРМӨГӨ КЕСИЛИП КЕТИШТИ | Жахабанын жардамы менен куугунтукка туруштук берип жаткан ишенимдештерибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ТҮРМӨГӨ КЕСИЛИП КЕТИШТИ | Жахабанын жардамы менен куугунтукка туруштук берип жаткан ишенимдештерибиз

2023-жылдын 13-октябрында Орёл шаарынын Советский райондук соту Владимир Мельниктин, Владимир Пискарёвдун жана Артур Путинцевдин ишине байланыштуу чечимин жарыялады. Ал үчөө тең 6 жылга эркинен ажыратылды. Алар 2020-жылдын декабрь айынан бери камакта отурушкан. Эми мөөнөтү аяктаганча отурушат.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 8-декабрь

    Владимир Мельникке, Владимир Пискарёвго жана Артур Путинцевге каршы кылмыш иши козголгон

  2. 2020-жыл, 9-декабрь

    Бийликтегилер Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөсү болгон сегиз үй-бүлөнүн, анын ичинде ушул үч ишенимдешибиздин, үйүн тинтишкен. Алар убактылуу тергөө камак жайына жөнөтүлгөн

  3. 2020-жыл, 11-декабрь

    Владимир Мельник менен Владимир Пискарёв тергөө камак жайына камалган

  4. 2020-жыл, 14-декабрь

    Артур Путинцев тергөө камак жайына камалган

  5. 2021-жыл, 19-январь

    Бийликтегилерге Владимир Пискарёвдун ден соолугуна байланыштуу олуттуу көйгөйлөр бар экенин билдиришсе да, алар медициналык жардам көрсөтүүдөн жана дары-дармек берүүдөн баш тартышкан

  6. 2021-жыл, 21-январь

    Владимир Пискарёвго жубайы алып келген дары-дармекти алууга уруксат беришкен, бирок дагы деле эч кандай медициналык жардам көрсөтүшкөн эмес

  7. 2021-жыл, 24-июнь

    Владимир Пискарёв ооруканада текшерилип, инсульт болгону аныкталган. Оор акыбалына карабай аны кайра тергөө камак жайына жиберишкен

  8. 2021-жыл, 29-октябрь

    Үч ишенимдешибиз тең экстремисттик уюмдун иш-чараларын уюштуруп жатат деп айыпталган

  9. 2022-жыл, 31-январь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Бул ишенимдештерибизди үй-бүлөлөрүнөн убактылуу ажыратып салышса да, Жахабанын сүйүүсүнөн, колдоосунан эч ким ажырата албайт (Римдиктер 8:38, 39).

a b c Макала даярдалып жатканда Владимир Мельник, Владимир Пискарёв жана Артур Путинцев тергөө камак жайында отургандыктан, алар менен маек куруу мүмкүн болгон жок.