Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Дмитрий Малеваный, Ольга Опалева, Ольга Панюта, Алексей Трофимов

29-ИЮНЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 13-ФЕВРАЛЬ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | ТҮРМӨГӨ КЕСИЛИШТИ | Соттолуп жатса да, кубанычы соолубаган ишенимдештерибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | ТҮРМӨГӨ КЕСИЛИШТИ | Соттолуп жатса да, кубанычы соолубаган ишенимдештерибиз

2023-жылы 10-февралда Приморск крайындагы Спасск райондук соту Дмитрий Малеваныйды, Ольга Опалеваны, Ольга Панютаны жана Алексей Трофимовду айыптуу деп тапты. Дмитрий жети жылга, Алексей алты жарым жылга кесилди. Ал эми Ольга Панюта төрт жылга эркинен ажыратылды. Үчөөнү тең сот залынан дароо эле камак жайга алып кетишти. Ольга Опалева төрт жарым жылга шарттуу соттолду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Дмитрий Малеваный

  • Туулган жылы: 1990 (Спасск-Дальний)

  • Кыскача таржымалы: Программалоо боюнча сабак берет. Жубайы Ульяна — сүрөтчү. Дмитрий Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти өспүрүм кезинде изилдей баштаган. Анда жазылгандарга ишенсе болоруна көзү жетип, андагы кеңештерди колдонгондор оңолоруна, бактылуураак болуп каларына ынанган. 2004-жылы чөмүлгөн

Ольга Опалева

  • Туулган жылы: 1952 (Спасск-Дальний)

  • Кыскача таржымалы: Жаш кезинде Кудайга ишенчү, бирок Ыйык Китепке кызыкчу эмес. 22 жаштагы кызы каза болуп калгандан көп өтпөй Жахабанын Күбөлөрү менен таанышып калган. Ыйык Китепте өлгөндөрдүн тирилери айтылганы Ольганын жүрөгүн абдан козгогон. Кудайга болгон ишеними бекемделген сайын, Ыйык Китептен окуп-билгендерин башкаларга айта баштаган. 1995-жылы чөмүлгөн. Ольга бала кезинен музыкага кызыгат, ырдаганды жакшы көрөт. Бөтөнчө, ага Жахаба Кудайды даңктаган ырларды ырдаган жагат

Ольга Панюта

  • Туулган жылы: 1959 (Нижний Новгород)

  • Кыскача таржымалы: Ардактуу эс алууга чыкканга чейин бала бакчада тарбиячы, кийин болсо соцкызматкери болуп иштеген. Жолдошу Владимирге 1982-жылы турмушка чыккан. Экөө эки кыз менен бир уулду тарбиялап чоңойтушкан. Ольга Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп жатып андагы так-айкын, түшүнүктүү чындыктарга аябай суктанган. 1996-жылы чөмүлгөн

Алексей Трофимов

  • Туулган жылы: 1959 (Мамакан, Иркутск облусу)

  • Кыскача таржымалы: Болочок жубайы Тамара менен Владивостокто жогорку окуу жайында окуп жүргөндө таанышкан. Экөөнүн төрт баласы жана бир нече небереси бар. Темир уста болуп иштеген. Акыркы маалда турак үйлөрдү жылытуу жайында жетекчи болуп эмгектенген. 1990-жылдардын башында Алексей Ыйык Китептин маңыздуу жашоо өткөргөнгө жардам берерин билип, Жахаба Кудайга кызмат кылууну чечкен. 1996-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 25-ноябрында укук коргоо органдарынын кызматкерлери Спасск-Дальний шаарындагы төрт Жахабанын Күбөсүнүн үйүнө күч колдонуп кирип келишкен жана үйлөрүн тинтишкен. Ольга Опалеванын эшигин болгарка менен кесип киришкен. Үйгө киргенден кийин андан: «Эмне үчүн эшигиңди ачкан жоксуң?» — деп сурашкан. Ольга бир тууганыбыз ооруп, кыйналып тургандыктан тили булдуруктап, жакшы жооп бере алган эмес. Ошол себептен алар тез жардам чакырышкан. Доктурлар Ольга бир тууганыбызга инфаркт деген диагноз коюшкан. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери ошол эле күнү бир аз кийинирээк аны ооруканадан алып кетип, тергөө камак жайына камап коюшкан. Инфаркт болгонунун айынан Ольга бир тууганыбыздын сол буту менен сол колу жакшы кыймылдабай калган. Азыр аны жалгыз уулу Виталий Ильиных карап жатат. Ал дагы Жахабанын Күбөсү жана ага каршы да кылмыш иши козголгон.

Төрт Жахабанын Күбөсүн тең эки күн тергөө камак жайында кармашкан. 2018-жылдын 27-ноябрында аларды үй камагына которушкан. Бир жылдан ашуун убакыт өткөндөн кийин аларды үй камагынан бошотушкан, бирок жашаган жеринен эки-жакка чыкканга тыюу салынган.

Ал төрт ишенимдешибизге экстремисттик деп аталган уюмдун иштерин уюштурушту жана анын иш-чараларына катышышты деген айып коюлуп жатат.

Достору жана туугандары, алардын ичинде Жахабанын Күбөсү эместери да мыйзамга баш ийип жашаган ушул ишенимдештерибиздин Кудайга ишенгени үчүн эле куугунтукталып жатканын акылына сыйдыра албай, маң болуп жатышат. Дмитрийдин Жахабанын Күбөсү эмес кесиптештери аны толугу менен колдоп, багынбаганга үндөөдө.

Куугунтукка карабай Дмитрийдин кубанычы соолуган жок. Ал муну Жахабанын аны колдоп жатканынын белгиси деп эсептейт. Дмитрий: «Муса пайгамбардын таягы Жахабанын аны менен экенин билдиргендей эле, менин кубанычым да Жахабанын мени менен экенинин далили»,— дейт. Ал: «Кандай жагдай болбосун, кубанычымды жоготпосом, сотто иштегендерге, тергөөчүлөргө эң сонун күбөлөндүрө аларымды түшүндүм»,— деп да кошумчалайт.

Ольга Опалева болсо мындай дейт: «Ушул апаатка туруштук берип жатканымдын өзү эле Жахабанын мени колдоп жатканын көрсөтүп турат. Мен бардык учурда, атүгүл майда-чүйдө нерселерде да Жахабага таянганга, баарын ага артканга аракет кылып жатам».

Алексей бир тууганыбыз тергөө камак жайында, кийинчерээк үй камагында отурган кезин эстеп, мындай дейт: «Жахаба мага күч берди. Мен муну камеранын эшиги жабылары менен сездим. Жахабадан кайрат сурап тилендим. Тиленерим менен буту-колум калчылдап титиребей калды. Сүйлөгөндө да ишенимдүү болуп калганымды сездим. Жаңы жагдайыма ылайыкташайын деп көңүлүмдү ушуга топтодум».

«Биздин иш-аракетибизден Жахабанын аты же даңкталат, же уятка калат,— дейт Ольга Панюта.— Ошон үчүн Кудайга толук таянып, ага бүт жан-дилибиз менен кызмат кылышыбыз керек. Анын эркин аткарып, аны менен болгон мамилебизди чыңдаганыбыз болуп көрбөгөндөй маанилүү».

Алтындай болгон ушул бир туугандарыбыз сот өкүмүн күтүп жатып Жахабага толугу менен таяна беришсе экен деп тиленип турабыз. Анткени ал — баарына чыдаганга күч бере турган «Аскабыз» (Мыйзам 32:4).