Мазмунун көрсөтүү

Александр Кабанов

8-АВГУСТ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 29-ДЕКАБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Алдын ала даярдануу Александр Кабановго дүрбөлөңгө түшпөгөнгө жардам берген

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ. ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Алдын ала даярдануу Александр Кабановго дүрбөлөңгө түшпөгөнгө жардам берген

2022-жылдын 27-декабрында Красноярск крайынын соту Александр Кабанов 2 жарым жылга эркинен ажыратылсын деген чечимди жокко чыгарып, иши кайра каралышын талап кылууда. 2022-жылдын 5-августунда Зеленогорск шаардык соту Александр Кабановдун ишине байланыштуу чечимин жарыялаган, бирок ал сотко доо арыз менен кайрылган. Иши кайра каралмайынча, ага эки жакка чыгууга болбойт.

Красноярск крайынын Зеленогорск шаардык соту Александр Кабановдун ишине байланыштуу чечимин жарыялаган. Айыптоочу аны 2 жарым жылга эркинен ажыратууну талап кылган.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 26-декабрь

    Александрды кармап кетишип, тыюу салынган экстремисттик уюмдун иштерине катышты, Ыйык Китеп окуду жана башкалар менен Жахаба жөнүндө сүйлөштү деген айып коюшкан. Аны убактылуу кармоочу жайга камашкан

  2. 2019-жыл, 27-декабрь

    Тергөөчү Александрды тергөө камак жайына камоону талап кылган. Бирок сот анын талабын четке каккандыктан, Александр бошотулган

  3. 2021-жыл, 6-декабрь

    Александр сот отурумунда акыркы сөзүн айткан. Ага карата чечимин жарыялоонун ордуна сот анын ишин кайра баштапкы баскычтагы тергөө иштерине кайтарып койгон. Мунун кесепетинде анын иши созулуп кеткен

  4. 2022-жыл, 25-март

    Сот отуруму улантылган

Жеке маалымат

Орусиядагы ишенимдештерибиз баарыбыз үчүн мыкты үлгү көрсөтүүдө. Алар Ышая 12:2деги: «Мына, Кудай — куткаруучум. Мен ага таянам, эч нерседен коркпойм, анткени Жах Жахаба — күчүм, кубатым»,— деген сөздөрдүн калетсиз экенин айкын кылууда.