Мазмунун көрсөтүү

Андрей Сазонов

26-АВГУСТ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 12-декабрь, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Эки баланын атасы Кудайга ишенгени үчүн 15 жылга кесилиши мүмкүн

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ЧЕЧИМ ЖОККО ЧЫГАРЫЛДЫ | Эки баланын атасы Кудайга ишенгени үчүн 15 жылга кесилиши мүмкүн

2024-жылы 11-январда Ханты-Мансийский автономдук округунун — Югранын — облустук соту Андрей Сазоновго чыгарылган чечимди жокко чыгарды. Эми анын иши кайрадан Ханты-Мансийский автономдук округунун — Югранын — Урайск шаардык сотунда каралат.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жылдын 24-декабрында Югры Ханты-Мансийск автономдук округунун Урайск шаардык соту Андрей Сазоновду күнөөлүү деп таап, 500 000 рубль (6 785 АКШ доллары) айып пул салды. Ал 15 жылга камалышы мүмкүн болчу. Андрей бир тууганыбыздын күнөөлүү деп табылганына жаман болуп жатсак да, анын түрмөгө камалбай турганына сүйүнүп жатабыз

  2. 2020-жыл, 22-июнь

    Андрейге каршы кылмыш иши козголгон

  3. 2019-жыл, 22-август

    Үй камагынан бошотулган. Башка жакка чыкканга жана айрым нерселерге тыюу салынган

  4. 2019-жыл, 26-февраль

    Үй камагына алынган

  5. 2019-жыл, 6-февраль

    2 күнгө убактылуу кармоо жайына алынган. Иштеген жерин жана машинесин тинтип, өзүн тергөө камак жайына камашкан

  6. 2019-жыл, 31-январь

    «Экстремисттик уюмдун иштерине катышты жана уюштурду» деген айып тагылган

Жеке маалымат

Куугунтук учурунда мыкты үлгү көрсөтүп жаткан Орусиядагы бир туугандарыбызды абдан баалайбыз. Биз Жахабанын аларга кубат берип, тайманбаганга жардам береринен такыр шектенбейбиз (Забур 138:3).