16-ДЕКАБРЬ, 2021
ОРУСИЯ
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Ыйык Китепти күнүгө окуганы куугунтукка чыдоого күч берип келет
2022-жылдын 25-августунда Саранск шаарынын Ленинск райондук соту Денис Антоновдун, Владимир Атряхиндин, Александр Королёвдун, Георгий Никулиндин, Елена Никулинанын жана Александр Шевчуктун ишине байланыштуу чечимин жарыялады. Алардын баары айыптуу деп табылды. Денис Антонов, Александр Королёв жана Александр Шевчук 2 жылга түрмөгө кесилди. Георгий менен Елена Никулиндер 4 жыл 2 айга түрмөгө камалды. Ал эми Владимир Атряхин 6 жылга түрмөгө камалды. Баарына чыгарылган өкүм дароо күчүнө кирди.
Жагдайдын өрчүшү
2021-жыл, 11-июнь
Саранск шаарынын Ленинск райондук сотунун биринчи отуруму болгон
2021-жыл, 2-апрель
Еленага экстремисттик уюмдун иштерине катышты, анын окууларын башкаларга таңуулады деген айып коюлган
2021-жыл, 31-март
Владимирге экстремисттик уюмдун иштерин уюштурду деген айып тагылган
2019-жыл, 2-июль
Александр Шевчук менен Георгий Никулин тергөө камак жайынан бошотулган. Аларга белгилүү бир аймактан чыгууга тыюу салынып, чектөөлөр коюлган
2019-жыл, 28-март
Владимир камактан бошотулуп, белгилүү бир аймактан чыгууга тыюу салынып, чектөөлөр коюлган
2019-жылы, 8-февраль
Александр Шевчук, Владимир жана Георгий тергөө камак жайына камалган
2019-жылы, 4-февраль
Федералдык коопсуздук кызматы 5 ага-инибизге жана Елена бир тууганыбызга экстремисттик уюмдун иштерин уюштурду деген айып коюп, аларга каршы кылмыш ишин козгогон
Жеке маалымат
Жахаба ага таянып жаткан Орусиядагы кымбаттуу ишенимдештерибизге мээримин төгүп, аларга ишенимдүү бойдон калууга мындан ары да жардам береринен шектенбейбиз (Башталыш 32:10).