Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго, үстүңкү катар: Сергей Агаджанов, Любовь Асатрян, Галина Дергачёва жана Инна Кардакова

Ортоңку катар: Ирина Хвостова, Галина Печко, Константин Петров, Иван Пуйда жана Виктор Ревякин

Ылдыйкы катар: Михаил Солнцев менен анын аялы Оксана, Сергей Еркин жана Евгений Зяблов

17-ОКТЯБРЬ, 2022| ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 7-МАРТ, 2024
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ӨКҮМ ЧЫГАРЫЛДЫ |Магаданда соттолуп жаткан 13 ишенимдешибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ӨКҮМ ЧЫГАРЫЛДЫ |Магаданда соттолуп жаткан 13 ишенимдешибиз

2024-жылдын 6-мартында Магадан облусунун Магадан шаардык соту төмөнкү ишенимдештерибизди соттогон: Сергей Агаджанов, Любовь Асатрян, Галина Дергачёва, Инна Кардакова, Ирина Хвостова, Галина Печко, Константин Петров, Иван Пуйда, Виктор Ревякин, Михаил Солнцев, Оксана Солнцева, Сергей Еркин, Евгений Зяблов.

Сергей Агаджанов, Любовь Асатрян, Галина Дергачёва, Инна Кардакова, Ирина Хвостова, Галина Печко, Виктор Ревякин, Михаил Солнцев, Оксана Солнцева беш жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Константин Петров, Иван Пуйда жана Сергей Еркин жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылды. Алардын эч кимиси азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 30-май, 2018-жыл

    Экстремисттик деп эсептелген уюмдун иш-чараларын уюштурганы үчүн Иванга, Константинге, Сергей Еркинге жана Евгенийге каршы кылмыш иши козголгон

  2. 1-июнь, 2018

    Төрт ишенимдешибиз тең тергөө камак жайына отургузулган

  3. 3-август, 2018

    Константин тергөө камак жайынан чыгарылып, үй камагына отургузулган

  4. 5-октябрь, 2018

    Иван, Сергей Еркин жана Евгений бошотулуп, үй камагына отургузулган

  5. 20-март, 2019

    Сергей Агаджанов, Галина Дергачёва, Инна, Ирина, Любовь, Михаил, Оксана жана Викторлорго каршы кылмыш иши козголгон. Баарына өзү жашаган жерден башка жакка чыгууга чектөө коюлган

  6. 27-март, 2019-жыл

    Иван, Константин, Сергей Еркин жана Евгений үй камактан чыгарылып, өзү жашаган жерден башка жакка чыгууга чектөө коюлган

  7. 1-апрель, 2019-жыл

    Баарына козголгон кылмыш иши бириктирилген

  8. 2-март, 2021-жыл

    Галина Печкого өзү жашаган жерден башка жакка чыгууга чектөө коюлган

  9. 5-март, 2021-жыл

    Галина Печко экстремисттик деп эсептелген уюмдун иш-чараларына катышканы үчүн жоопко тартылган жана анын иши 12 башка ишенимдешибиздин иши менен бириктирилген

  10. 25-апрель, 2022-жыл

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Боордошторубуздун «Машаяктын ысмы үчүн кордолуп» жатышса да, кубанычын кемитпей бек турганын көрүп, абдан сүйүнөбүз. Анткени бул аларда «Кудайдын руху... бар» экенин көрсөтүп турат (1 Петир 4:14).

a Сергей Агаджановдон дил маек ала алган жокпуз.