Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Анатолий Гезик менен жубайы Ирина. Оңдо: Виктор Зимовский менен жубайы Надежда

26-АВГУСТ, 2022 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 8-МАРТ, 2023
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ӨКҮМ ӨЗГӨТҮЛДҮ | Куугунтукка карабай жан дүйнө тынчтыгын сактап, Жахабага ишенимдүү бойдон калган ишенимдештерибиз

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: ӨКҮМ ӨЗГӨТҮЛДҮ | Куугунтукка карабай жан дүйнө тынчтыгын сактап, Жахабага ишенимдүү бойдон калган ишенимдештерибиз

2023-жылдын 1-мартында Ставропольск крайынын соту Анатолий Гезиктин жана жубайы Иринанын, ошондой эле Виктор Зимовскийдин ишине байланыштуу чечим чыгарды. Жакында эле Анатолий менен Викторго чыгарылган өкүм өзгөртүлүп, алар шарттуу соттолушту. Анатолий мындан ары түзөтүү жумушун аткарууга милдеттүү эмес. Виктор болсо түрмөдөн дароо бошотулду. Ал эми Иринага шарттуу соттолсун деген өкүм чыгарылган болчу. Ал өкүм өзгөртүлгөн жок. Ирина азырынча түрмөгө камалбайт.

2022-жылдын, 14-ноябрында Ставропольск крайынын Георгиевск шаардык соту Анатолийди, жубайы Иринаны, ошондой эле Викторду айыптуу деп тапты. Анатолийге төрт жыл эки ай түзөтүү жумушун аткарсын деген чечим чыгарылды. Ирина төрт жыл эки айга шарттуу соттолду. Викторду болсо алты жыл эки айга соттоп, дароо түрмөгө алып кетишти.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2019-жыл, 23-октябрь

    Полиция кызматкерлери Георгиевсктеги Жахабанын Күбөсү болгон үч үй-бүлөнүн үйүн тинтишкен. Тинтүү учурунда кийин ишенимдештерибизге каршы колдонуш үчүн айрым нерселерди жашыруун таштап кетишкен. Анатолийди, Иринаны, Викторду жана дагы сегиз ишенимдешибизди кармап кетип, түнү бою суракка алышкан

  2. 2019-жыл, 30-декабрь

    Анатолийге, Иринага жана Викторго каршы кылмыш иши козголгон

  3. 2020-жыл, 23-январь

    Викторду дагы суракка алып, камап коюшкан. Эртеси күнү убактылуу тергөө камак жайына жөнөтүшкөн

  4. 2020-жыл, 23-март

    Виктор убактылуу тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган

  5. 2020-жыл, 6-май

    Викторду үй камагынан бошотуп, эки жакка чыкканга тыюу салышкан

  6. 2021-жыл, 6-октябрь

    Викторго эки жакка чыгууга уруксат берилген

  7. 2022-жыл, 10-март

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Анатолий, Ирина жана Викторлор кубанычын жоготпой, үмүтүн бек сактап жатышат. Бул «Жахаба Өзүн чакыргандардын баарына жакын» экенин далилдеп турат (Забур 145:18).