Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Сергей жана Анна Мельниктер, Валерий жана Марина Рогозиндер, Игорь жана Евгения Егозаряндар

26-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | 7 ай тергөө камак жайында отурган 3 ишенимдешибиз соттун чечимин күтүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | 7 ай тергөө камак жайында отурган 3 ишенимдешибиз соттун чечимин күтүүдө

2022-жылдын 18-мартында Волгоград облустук соту Сергей Мельниктин, Валерий Рогозиндин жана Игорь Егозаряндын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Үч ишенимдешибиз тең түрмөдө калды.

 2021-жылдын 23-сентябрында Волгограддагы Тракторозаводск райондук соту үч бир тууганыбызды күнөөлүү деп тапты. Сергей менен Игорь 6 жылга кесилди. Ал эми Валерий болсо 6 жыл 5 айга кесилди.

Жеке маалымат

 Сергей Мельник

  •  Туулган жылы: 1972 (Волгоград шаары, Волгоград облусу)

  •  Кыскача таржымалы: Кесиптик окуу жайынан автомеханиктин окуусун аяктаган. Учурда үйлөрдүн чатырларын жаап иштейт. 1993-жылы Анна деген кызга үйлөнгөн. Экөө 3 уулду чоңойтуп-өстүргөн. Сергей менен үй-бүлөсү табияттын койнунда жөө сейилдеп эс алганды жакшы көрөт

     Анна Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти биринчи изилдеп баштаган. Анын жакшы жакка өзгөргөнүн көрүп Сергей да изилдеп баштаган. Ал 1999-жылы чөмүлтүлгөн

 Валерий Рогозин

  •  Туулган жылы: 1962 (Краснокамск шаары, Пермь облусу)

  •  Кыскача таржымалы: Ардактуу эс алууга чыкканга чейин аскерде 12 жыл учкуч болгон. Ошондой эле инженер болуп иштеген. Жубайы Марина экөө 1984-жылы баш кошушкан. Алардын эки уулу бар

     Ыйык Китепти 1990-жылдардын башында изилдей баштаган. Ал эми 1998-жылы чөмүлгөн

 Игорь Егозарян

  •  Туулган жылы: 1965 (Волгоград шаары, Волгоград облусу)

  •  Кыскача таржымалы: Кесиби боюнча өтүкчү жана электрик. Бала кезинен эле музыканы жакшы көрөт. Гитарада ойнойт. Жубайы Евгения экөө 2002-жылы баш кошушкан. Алардын бир уулу бар

     Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү жакшы кабарды апасынан уккан. Ыйык Китептеги чындыктын жүйөлүү, жөнөкөй болгону ага күчтүү таасир эткен. Ал 1992-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

 2019-жылы, 16-майда Орусиянын Волгоград облусунда Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) жети үйдү тинткен. Ошондон эки күн өткөндөн кийин райондук сот Сергей Мельник менен Игорь Егозарянды тергөө камак жайына камоого байланыштуу чечим чыгарган. Ишенимдештерибиз ал жерде 7 ай болушкан.

 Учурда үч ишенимдешибиз тең бошотулуп, үй-бүлөсү менен кайрадан чогуу болуп калышты. Бирок соттун чечимин күтүп жатып кыйынчылыктарга кабылып жатышат. Алсак, Валерий Рогозин Орусия Федерациясынын каржы мониторинги боюнча федералдык кызматынын тизмесине киргизилген. «Алар менин банк эсептеримди бууп коюшкан. Анысы аз келгенсип, мага телефон, Интернет колдонууга да тыюу салынган. Ошонун айынан жумушсуз калдым. Телефонуң, Интернетиң болбосо, кантип иштейсиң?» — дейт Валерий. Күнүмдүк тамак-ашын сатып алганга жубайы экөө пенсияларын колдонуп жатышат. Алар жупуну жашоого аргасыз болушууда.

 Сот тарабынан коюлган чектөөлөрдөн улам Сергей менен Игорь жумуш таба албай кыйналышкан. Алсак, Сергей бир тууганыбыз сот отурумдарынын айынан жумушундагы күн тартип бузулуп жатканын айткан. Ал: «Негизи, кесибим боюнча чатыр жаап иштечүмүн. Азыр болсо сот отурумдарынын ортосундагы убакыт аралыгында жетишип калыш үчүн аз эле жумуш алып иштегенге туура келип жатат»,— дейт.

 Игорь бир тууганыбыз болсо оору менен алпурушуп жаткандыктан улам-улам доктурга барып турушу керек. Ал мындай дейт: «Мага каршы коюлган айыптардын айынан жумуш таба албай жатам». Мындан тышкары, начар ден соолугунан, акчанын жетишсиздигинен да кыйналып келет. Ошого карабай ал: «Жахаба бизди чоң үй-бүлөгө кошкон. Ушундай оор кыйынчылыкты баштан кечирип жатып ишенимдештерибиздин колдоосун дайыма сезип келебиз»,— деп бөлүшөт.

 Ооба, ишенимдештерибизге жана алардын үй-бүлөлөрүнө ар кандай чектөөлөр коюлгандыктан, акча жагынан бир топ эле жапа чегип жатышат. Орусиядагы ишенимдештерибиз Жахабанын аларды зарыл нерселерден кем кылбай турганынан шектнебей, башына түшкөн кыйынчылыктарга туруштук бере берет деп ишенебиз (Матай 6:33).