Мазмунун көрсөтүү

Жахабанын Күбөлөрүнүн Санкт-Петербургдагы тартылып алынган эки мүлкү: Солнечное шаарындагы филиал (солдо) жана Коломяжскийдеги жыйындар залы (оңдо)

2019-ЖЫЛ, 4-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусия өкмөтү тартып алган мүлкүнүн баасы 57 миллиондон ашуун долларды түзөт

Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусия өкмөтү тартып алган мүлкүнүн баасы 57 миллиондон ашуун долларды түзөт

Орусиянын Жогорку соту 2017-жылдын 20-апрелинде Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салгандан бери, бир туугандарыбыз аёосуз түрдө куугунтукталып, түрмөгө камалып келет. Ошондой эле бийлик башындагылар Жахабанын Күбөлөрүнө таандык 131 мүлктү тартып алышкан. Дагы алтымышы тартылып алынышы мүмкүн. Алардын жалпы баасы 57 миллиондон ашуун долларды түзөт.

Тартылып алынган мүлктүн бири — Орусиянын Солнечное шаарындагы филиал. Ал Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомуна (Пенсильвания) таандык болчу. (Жогору жактагы солдогу сүрөттү карагыла.) Ушул мүлктүн эле баасы 30 миллиондой долларга барабар. Тартылып алынган дагы 43 мүлк чет өлкөлөрдөгү, алсак, Австриядагы, Даниядагы, Финляндиядагы, Нидерландиядагы, Норвегиядагы, Португалиядагы, Испаниядагы, Швециядагы, Кошмо Штаттардагы юридикалык жактарга таандык. Өкмөттүн буларды тартып алганы мыйзамсыздыкка жатат, себеби Жогорку соттун Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу чыгарган чечими чет элдик уюмдарга таандык мүлктү тартып алууга юридикалык укук бербейт.

Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы филиалдын мыйзамсыз түрдө тартылып алынганына каршы доо-арыз менен Адам укуктары боюнча Европа сотуна (АУЕС) кайрылган. АУЕС кандай чечим чыгарбасын, биз Жахабага ишеним артып, ага таяна беребиз. Ошондой эле Орусиядагы бир туугандарыбыз рейд жүргүзүлгөнүнө, камакка алынганына, сыйынуу жайларынын тартылып алынганына карабай, кайраттуу болуп, Жахабага «рухтун жетеги менен жана чындыкка ылайык сыйына» бериши үчүн, тиленип турабыз (Жакан 4:23).