Мазмунун көрсөтүү

Илдар Уразбахтин

18-ОКТЯБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

«Жахабанын ысымын алып жүргөнүмө сыймыктанам»

«Жахабанын ысымын алып жүргөнүмө сыймыктанам»

2022-жылдын 10-октябрында Красноярск крайынын Кежемский райондук соту Илдар Уразбахтинди айыптуу деп таап, үч жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 20-июль

    Кодинск шаарында, жок эле дегенде, 5 Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде Илдардын жана анын үй-бүлөсүнүн, үйү тинтилген. Ал убактылуу кармоочу жайга жөнөтүлгөн

  2. 2021-жыл, 21-июль

    Убактылуу кармоочу жайдан бошотулуп, үй камагына алынган. Телефон жана Интернет колдонууга тыюу салынган

  3. 2021-жыл, 20-сентябрь

    Үй камагынан бошотулуп, эки жакка чыгууга тыюу салынган

  4. 2022-жыл, 13-январь

    Видео байланыш аркылуу бир туугандарды «Ыйык Китепти терең изилдөөгө жана бири-бирин бекемдөөгө үндөгөнү» үчүн айыптуу деп табылган

  5. 2022-жыл, 30-март

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Илдар бир тууганыбыздын жана Орусиядагы башка ишенимдештерибиздин окуялары Жахабанын «кыйынчылык учурунда» бизге жардам бергенге даяр экенин эсибизге салып турат (Забур 46:1).