Мазмунун көрсөтүү

Евгений Коротун

25-НОЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Жахаба Евгений бир тууганыбызды сооротуп, колдоп жатат

Жахаба Евгений бир тууганыбызды сооротуп, колдоп жатат

2022-жылдын 16-майында Томск облустук соту Евгений Коротундун доо арызын четке какты. Ошондуктан Евгений түрмөдө калды.

2022-жылдын 20-январында Томск облусунун Северский шаардык соту Евгений бир тууганыбызды күнөөлүү деп таап, 7 жылга кесип жиберген. Соттун чечими дароо күчүнө кирген.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 31-март

    Сот отурумдары башталган

  2. 2020-жыл, 7-сентябрь

    Сот отурумунан кийин тергөө камак жайына камалган

  3. 2020-жыл, 15-июль

    Үй камагына алынган

  4. 2020-жыл, 14-июль

    ФКК Северскийдеги алты Жахабанын Күбөсүнүн , анын ичинде Евгенийдин үйүн тинтишкен

  5. 2020-жыл, 13-июль

    Евгенийге каршы кылмыш иши козголгон

  6. 2018–2019-жылдар

    Күч органдарынын көрсөтмөсү менен эки кызматчы Евгенийдин «күнөөсү» боюнча далилдерди чогултушкан. Ан үчүн алар Ыйык Китепке кызыккандай түр көрсөтүп, аны менен рухий темада сүйлөшүп, сүйлөшкөндөрүнүн баарын тымызын жаздырышкан

Жеке маалымат

Биз Жахабанын кызматчыларынын баарын, анын ичинде Евгений бир туугандын үй-бүлөсүн колдоп жатканына толук ишенебиз (Римдиктер 15:5).

a Евгений бир тууган учурда тергөө камак жайында болгондуктан, аны менен дил маек куруу мүмкүн болгон жок.