29-МАРТ, 2023
ОРУСИЯ
Жахаба камакта отурган ишенимдештерибизди колдоосуз калтырган жок
Астрахан облусунун Актюбинск райондук соту жакын арада Ринат Кирамовдун, Сергей Королёвдун жана Сергей Косьяненконун сот ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.
Жеке маалымат
Жахабанын ишенимдүү кызматчыларына баш маана болуп берип жатканы кандай гана кайрат берет! Ооба, «анын түбөлүктүү колдору [бизди] колдойт» (Мыйзам 33:27).
Жагдайдын өрчүшү
9-ноябрь, 2021
Кылмыш иши козголгон. Бийлик өкүлдөрү Актюбинск менен Знаменсктеги Жахабанын Күбөлөрүнүн 15 үйүн тинтишкен. Алардын ичинде Кирамовдун, Королёвдун жана Косьяненконун да үйү бар болчу
10-ноябрь, 2021
Сергей Королёвду кармап кетишкен
11-ноябрь, 2021
Ринат Кирамов менен Сергей Косьяненкону кармап кетишкен. Үч ишенимдешибизди тергөө камак жайына камашкан
14-ноябрь, 2022
Сот иши башталган