Мазмунун көрсөтүү

Райман Сергей менен Валерия

7-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Жаш жубайлар кылмышкер катары соттолуп жатышат

Жаш жубайлар кылмышкер катары соттолуп жатышат

Өкүм жарыя кылынчу күн

2020-жылдын 16-сентябрында a, Кострома шаарындагы Свердлов райондук соту Райман Сергей менен Валериянын кылмыш иши боюнча өкүмүн жарыялайт деп күтүлөт. Экөө тең жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Жеке маалымат

Сергей Райман

  • Туулган жылы: 1996 (Кинешма шаары, Иванов облусу)

  • Кыскача таржымалы: Курулуш техникумун бүтүргөн. Үйлөрдү, имараттарды жасалгалоо жагынан адис. Ыйык Китепти жакшы көргөндү, бедел тутканды чоң апасы үйрөткөн. 2015-жылы Валерия менен баш кошкон. Тамак жасаганды, лыжа тепкенди жакшы көрөт.

Валерия Райман

  • Туулган жылы: 1993 (Шарья шаары, Кострома облусу)

  • Кыскача таржымалы: Он жашында атасы каза болгон. Валерия Жахаба Кудай жөнүндө апасынан уккан. Чач-тарач.

Иштин чоо-жайы

2018-жылдын 25-июлунда эртең менен эрте атайын куралдуу күчтөр Раймандардын үйүнө эшигин лом менен талкалап киришкен. Жубайлар камакка алынып, Валерия убактылуу камоо жайынан 2 күндөн кийин, Сергей болсо бир кишилик камерада 59 күн өткөргөндөн кийин бошотулган. Бийликтегилер Раймандарга башка Жахабанын Күбөлөрү менен байланышканга, кечинде үйдөн чыкканга тыюу салып коюшкан. Тилекке каршы, мындай куугунтук жубайлардын эмоциялык абалына, ден соолугуна терс таасирин тийгизбей койгон жок.

Жаш жубайларга карата өкүм чыгарылчу күн жакындап келатат. Ошондуктан Жахабадан аларга күч-кайрат сурап, калтырбай турганына ынандырышын өтүнүп тилене беребиз (Жашыя 1:9).

a Өзгөрүшү мүмкүн