Мазмунун көрсөтүү

Елена Менчикова

21-ДЕКАБРЬ, 2021 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 24-ЯНВАРЬ, 2024
ОРУСИЯ

Жаңыртылган маалымат: Айыптуу деп табылды | Жахабага берилген аялдардын үлгүсү, жалындуу тиленгени Елена Менчиковага ишенимин бек сактаганга жардам берүүдө

Жаңыртылган маалымат: Айыптуу деп табылды | Жахабага берилген аялдардын үлгүсү, жалындуу тиленгени Елена Менчиковага ишенимин бек сактаганга жардам берүүдө

2024-жылдын 23-январында Карачаев-Черкесск Республикасынын Черкесск шаардык соту Елена Менчикованы айыптуу деп таап, аны 4 жарым жылга шарттуу соттоду. Ал азырынча камакка алынбайт.

2022-жылдын 5-декабрында Орусиянын Жалпы юрисдикциясынын бешинчи кассациялык соту Елена Менчиковага чыгарылган айып өкүмүн жокко чыгарды. Анын иши кайра каралууга жөнөтүлдү.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 15-декабрь

    Карачаев-Черкесск Республикасынын Черкесск шаардык соту Елена Менчикованын ишине байланыштуу өкүмүн жарыялап, 5 жылга шарттуу соттоду

  2. 2021-жыл, 9-июнь

    Кылмыш иши козголгон

  3. 2021-жыл, 9-март

    Тергөөчү Еленага каршы экинчи жолу кылмыш ишин козгогон. Ал жолкусунда ага экстремисттик деп эсептелген уюмга башкаларды тартуу максатында «кылмыш планын иштеп чыккан» деген айып коюлган

  4. 2021-жыл, 10-февраль

    Елена өзүнүн иш-аракеттерин Ыйык Китептин негизинде түшүндүрүп берип, тергөөчүгө кылмыш ишин жабышын өтүнүп кайрылган. Бирок ал анын өтүнүчүн орундатуудан баш тарткан. Тергөөчү Еленанын Ыйык Китептеги аяттарды колдонуп жооп бергени анын «кылмышынын өзөгүн» түзөт деп эсептеп жатат

  5. 2020-жыл, 12-ноябрь

    Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Еленанын үйүн экинчи жолу тинтишкен

  6. 2020-жыл, 3-ноябрь

    Елена «Жахаба Кудайды даңктап ырдаганы жана андан тиленгени үчүн», тергөөчү ага каршы кылмыш ишин козгогон

  7. 2019-жыл, 16-декабрь

    Черкессктеги Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери 12 Жахабанын Күбөсүнүн, анын ичинде Еленанын үйүн тинтишкен

Жеке маалымат

Жахаба Елена бир тууганыбызды жана кыйынчылыктар менен алпурушуп жаткан ишенимдүү кызматчыларынын баарын жубатып, аларга күч бере берсин деп тиленип турабыз (Забур 119:49, 50).