Мазмунун көрсөтүү

Василий Резниченко

26-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

Жетимиш сегиз жаштагы Василий бир тууганыбыз Кудайга сыйынганы үчүн «экстремист» деп айыпталууда

Жетимиш сегиз жаштагы Василий бир тууганыбыз Кудайга сыйынганы үчүн «экстремист» деп айыпталууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Василий Резниченко бир тууганыбыз айыптуу деп табылды

2021-жылдын 2-июнунда Амурск облусунун Зэя райондук соту Василий Резниченкону айыптуу деп тапты. Ал эки жылга шарттуу соттолду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жакында Амурск облусунун Зэя райондук соту Василий Резниченкого байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жеке маалымат

Василий Резниченко

  • Туулган жылы: 1942 (Муровка, Приморье крайы)

  • Кыскача таржымалы: Беш баланын кенжеси. Трактор айдоочунун, кийинчерээк кеме айдоочунун жана механиктин окуусун бүтүргөн. Аскерде кызмат өтөгөн. Андан кийин, кеме айдоочу болуп иштеп, капитанга чейин жеткен. «Советтер Союзунун эмгек ардагери» деген наам алган.

    Байбичеси Валентина менен 1969-жылы баш кошкон. Үч баланы чоңойтушкан. Василий Ыйык Китептеги чындыкты 1990-жылдары жубайынан уккан. Кудайдын жерге карата ой-ниети жөнүндө билгенден кийин Ыйык Китепти терең изилдей баштаган. 1996-жылы чөмүлгөн. Байбичеси Валентина 2016-жылы көз жумган.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 21-мартында Зэя шаарындагы полиция кызматкерлери Василий Резниченконун үйүн тинтишкен. Анан ишенимдешибиздин ноутбугун, телефонун жана жеке документтерин алып кетишкен. 2019-жылдын 21-мартынан бери ал «экстремист» деп айыпталып келет. Анын банк эсебин да тоңдуруп салышкан. Андан тышкары, ага башка жакка чыгууга тыюу салынган.

Василий Жахабанын жардам береринен шектенбейт. Ага өтө тынчсыздана бербегенге жакшы рухий графикке карманганы, Ыйык Китепти жана күндөлүк аятты күндө окуганы жардам берип келет. Ошондой эле ал ишенимдештеринин көрсөтүп жаткан сүйүүсүнө, камкордугуна абдан ыраазы.

Василий мындай деген: «Үйүмдү тинтип, мени суракка алып кетишкенден кийинки күнү ишенимдештерим келип кетишти. Алардын айрымдарынын [үйлөрүн] да аңтарып-теңтеришкен. Ошондон эки күндөн кийин эле жакын жайгашкан шаарлардагы ишенимдештерим да келип кетишти. Аларды да кармап алышы мүмкүн болчу. Ошого карабай келишкени мени аябай бекемдеди. Алардын келгени жөнүндө ойлонгондо ушул убакка чейин көзүмө жаш алам». Андан ары ал: «Ушул окуялар Жахаба менен болгон мамилемди дагы чыңдады. Ал мага мурункудан да жакын болуп калды»,— деп кошумчалаган.

Василийге Еврейлер 13:5теги сөздөр күч-кайрат берип келет. Ал мындай деген: «Мен Жахабанын: „Сени эч качан калтырбайм, эч убакта таштабайм“,— деген убадасына бекем ишенем». Ооба, Жахаба ишеними үчүн куугунтукталып жаткан бир туугандарыбызды таштабайт. Биз буга бекем ишенебиз.