29-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ
Жетиштүү далилдер жок болгондуктан сот Елена Бармакинанын ишин прокуратурага кайра караганга жөнөттү
2020-жылдын 29-сентябрында Владивосток шаарынын Первореченский райондук соту Елена Бармакинанын ишине байланыштуу чечим чыгарган жок. Сот ал ишенимдешибиздин ишин прокуратурага кайтарды. Судья Елена бир тууганыбызга коюлган экстремисттик иштерге катыштыгы бар деген айыптын жетиштүү далилдерге негизделбегенин айтты. Прокуратура соттун бул чечимине каршы доо арыз жаза алат. Эгер доо арыз жазбаса, Елена бир тууганыбыздын айыптуу экенин ырастаган жүйөлүү далилдерди келтиргенге чейин, анын иши токтотулат.