Мазмунун көрсөтүү

Галина Паркова

25-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Жолдошу тергөө камак жайында отурган Галина Паркова соттолууда

Жолдошу тергөө камак жайында отурган Галина Паркова соттолууда

Өкүм жарыяланчу күн

Ростов-на-Донудагы Ленин райондук соту жакында Галина Паркованын ишине байланыштуу чечимин жарыялайт a. Айыптуу деп табылса, айыптоочу талап кылгандай, үч жылга шарттуу соттолушу мүмкүн.

Жеке маалымат

Галина Паркова

  • Туулган жылы: 1970 (Калтан)

  • Кыскача таржымалы: Галина 1990-жылы Александрга турмушка чыккан. Алардын үч кызы, эки небереси бар. Ал экөө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти чогуу изилдешкен. Галина 1995-жылы чөмүлгөн. Ал ырдаганды, сүрөт тартканды жакшы көрөт.

Иштин чоо-жайы

Бийлик өкүлдөрү 2019-жылдын 6-июнунда ага каршы кылмыш ишин козгошкон. Ага чейин бир нече эле жума мурун жолдошу Александрды кармап кетип, тергөө камак жайына камашкан.

Жолдошу камакта отургандыктан, Галина бир тууганыбыз акча жагынан бир топ эле кыйналган. Андан тышкары, бийлик өкүлдөрү анын банк эсебин бууп койгондуктан, ал банктагы акчасын, анын ичинде айлыгын да ала албай калган. Ошонун айынан мурунку жумушунан чыкканга туура келген. Учурда жан багыш үчүн убактылуу ар кандай жумуштарда иштеп жатат.

Орусиядагы ишенимдештерибиздин жагдайы «өз иштерине жараша ыймансыздар көрө турганды адил адамдар көрүп жатат» дегендей эле болууда (Насаатчы 8:14). Ошого карабай, кандай сыноого туш болбойлу, алар ишенимибизди бекем сактоо жагынан бизге сонун үлгү көрсөтүп жатышат.

a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.