Мазмунун көрсөтүү

Игорь Царёв

28-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Игорь Царёв Ыйык Китепти окуганы үчүн төрт жылга кесилгени турат

Игорь Царёв Ыйык Китепти окуганы үчүн төрт жылга кесилгени турат

Өкүм жарыяланчу күн

2021-жылы, 1-февралда a Еврей автономдук облусундагы Биробижан райондук соту Игорь Царёвго байланыштуу чечимин жарыялайт. Аны төрт жылга түрмөгө камаганы жатышат.

Жеке маалымат

Игорь Царёв

  • Туулган жылы: 1974 (Биракан, Еврей автономдук облусу)

  • Кыскача таржымалы: Эки карындашы бар. Мектепте окуп жүргөн кезинде эле үй-бүлөсүн бакканга жардам бериш үчүн токойдо бак кыйып, устачылык кылып, электрик болуп иштечү. Жаратылышка чыгып эс алганды, балык кармаганды жакшы көрөт

  • Аскерде жүргөн убакта жашоонун маңызы жөнүндө ойлоно баштаган. Ошондон улам өзү да, атасы да Ыйык Китепти изилдөөгө киришишкен. Ал 1997-жылы чөмүлгөн. Жубайы Викторияга 1998-жылы үйлөнгөн. Алардын мектеп курагындагы кызы бар

Иштин чоо-жайы

Орусиянын бийлик өкүлдөрү 2019-жылдын 30-июлунда Игорь бир тууганыбызга каршы кылмыш ишин козгошкон. Аны «Жахабанын Күбөлөрүнүн окууларын жайылтыш үчүн» Ыйык Китепти изилдеп жатат деп айыпташкан. Федералдык коопсуздук кызматы жашыруун тартып алган диний жолугушуулардын видеолору ага каршы колдонулган. Таң калыштуусу, айыптоочу анын ишине байланыштуу сот отурумунун жабык өтүшүн талап кылган. Мунун себеби, айыптоочунун айтканына ылайык, эгер сот отуруму ачык өтө турган болсо, башкалар Игордун айткандарына ишенип, Жахабанын Күбөсү болуп калмак. Сот анын өтүнүчүн орундаткан.

«Жакында соттун чечими жашоомду түп-тамыры менен өзгөртөт,— дейт Игорь бир тууганыбыз.— Бирок жашоом буга чейин эле бир топ өзгөрдү. Сот мени катталып турууга милдеттендиргениктен, башка жакка чыга албайм. Жумушумда болсо жетекчиме эмне үчүн полиция кайра-кайра суракка алып жатканын түшүндүрүп берүүгө туура келди. Жетекчим да, чогуу иштешкендерим да эмне үчүн ушундай мамилеге кабылып жатканымды түшүнө албай жатышат. Анткен менен Иса Машаяктын жолдоочулары дайыма куугунтукталып келгенин жакшы түшүнүшөт».

Игорь бир тууганыбыз үчүн да, анын үй-бүлөсү үчүн да тиленип турабыз. Биз Жахабанын ага «өзүнүн руху аркылуу... күч-кубат береринен» шектенбейбиз (Эфестиктер 3:16).

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.