Мазмунун көрсөтүү

12-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Игорь Царёв шарттуу соттолду

Игорь Царёв шарттуу соттолду

2021-жылдын 29-апрелинде Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Игорго каршы чыгарылган эки жарым жылга шарттуу соттолсун деген чечимди күчүндө калтырды.

2021-жылдын 12-февралында Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Игорь бир тууганыбызды айыптуу деп тапты. Сот аны эки жарым жылга шарттуу соттоду.

Сот отурумдары жүрүп жатканда, Игорь кайратынан жазган жок. Көңүлүн да чөгөргөн жок. 2021-жылдын 11-февралында сотко айткан акыркы сөзүндө мындай деген: «Акыркы сөзүмдү эмнеден баштасам деп ойлонуп, элчи Пабылдын ишени’мдештерине берген кеңешин айтайын деп чечтим. Ал аларды: „Дайыма ыраазы болгула“,— деп үндөгөн...

Ошол себептен, урматтуу Сот, сот отурумдарынын тынчтыкта өткөнү үчүн, бизге көңүл бурганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем... Баарынан да Жаратканым Жахаба Кудайга миң мертебе ыраазымын. Себеби ал мени сот башталгандан бери колдоп, жан дүйнөмдү тынчтандырып келатат» (Колосалыктар 3:15).