Мазмунун көрсөтүү

Ирина Лохвицкая

29-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

Ирина Лохвицкая адилетсиз айып тагылып жатканына карабай ишенимин бекем сактап жатат

Ирина Лохвицкая адилетсиз айып тагылып жатканына карабай ишенимин бекем сактап жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту доо арызды канааттандырган жок

2021-жылдын 11-ноябрында Еврей автономдук облусунун соту Ирина Лохвицкаянын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Соттун буга чейинки чечими күчүндө калды. Ирина азырынча түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 19-июлунда Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Ирина Лохвицкаяны айыптуу деп таап, эки жарым жылга шарттуу соттоду.

Жеке маалымат

Ирина Лохвицкая

  • Туулган жылы: 1962 (Известковое)

  • Кыскача таржымалы: Атасынан 6 жашында эле айрылып калган. Бала кезинде бий, театр ийиримдерине катышкан жана бир нерселерди токуганды, баскетбол, волейбол ойногонду жакшы көрчү

    Анын жүрөгүн Ыйык Китептеги тирилүү жөнүндөгү үмүт козгогон. 1993-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон. Чөмүлгөнүнө жети ай болгондо күйөөсү каза болуп калган. Уулу Артурду жети жашынан бери жалгыз тарбиялап-чоңойткон

Иштин чоо-жайы

2020-жылдын 6-февралында Биробижанда бийлик өкүлдөрү Ирина Лохвицкаяга жана андан башка 5 ишенимдешибизге (аялдар) «экстремист» деп айып тагышкан. Ал аймактагы 21 Жахабанын Күбөсүнө, анын ичинде Иринанын уулу Артурга, келини Аннага да каршы кылмыш иши козголгон.

Сот отурумдары жабык өткөрүлүп, Иринанын туугандарынын, журналистердин келишине жол берилген эмес. Ирина сот отурумдардын ачык өткөрүлүшүн суранса да, айыптоочу анын өтүнүчүн четке каккан.

Башына түшкөн кыйынчылыктардын айынан анын ден соолугу да, эмоциялык абалы да бир топ солгундаган. Бирок ошого карабай ал рухий күн тартипке кармана берген. Бул ага туруктуу болгонго жардам берген. Ал: «Жахабанын мага жакшы адаттарды өрчүткөнгө жардам бергенине абдан ыраазымын. Мен Ыйык Китепти жөн эле окуп койбой, аны казып изилдегенге аракет кылам»,— дейт. Кээде катуу санаа басып, Ыйык Китепти окуй албай калганда, ал Жахабадан дароо жардам сурайт. «Жахабадан жалындуу тиленем. Буга чейин кылып жүргөн рухий иштеримди кылганга күч бер деп суранам. Жахаба мага өзүмө эле көңүл топтобой, башкалар жөнүндө көбүрөөк ойлонгонго үйрөттү»,— дейт Ирина.

Ирина ага караганда бекемдөөгө көбүрөөк муктаж болгондорго, мисалы, Ыйык Китепти изилдеп жүргөндөргө жана башка ишенимдештерине көңүл бурганга аракет кылат. Ал мындай деп бөлүшөт: «Башкалар жөнүндө көбүрөөк ойлогондо, өзүңдү аяганга, өтө тынчсызданга деле убактың болбой калат экен».

Жыйналыштагылар, өзгөчө, аксакалдар да ага дем-шык берип турушат. «Өздөрү куугунтук жеп жатса да, алар мени сооротушат. Сонун сөздөрдү айтып бекемдешет. Муктаж болуп турганымда жардамга келишет. Ушул үчүн аларга абдан ыраазымын»,— дейт Ирина.

Ирина дагы деле куугунтукталууда. Бирок биз Жахабанын аны зарыл нерселер менен камсыз кыларынан шектенбейбиз. Ирина мындай деген: «Куугунтук жөнүндө окуганда: „Мен ушундай жагдайга туш болуп калсам, кандай кылат элем? Жахабага таянат белем?“ — деп ойлоно берчүмүн. Азыр бул суроолордун жообун билем. Жахабанын жардамы менен ага таянып жатам. Анын бардык кызматчыларындай эле, мен бекем болгум келет. Жахаба болсо мени оң колу менен колдойт» (Ышая 41:10).