Мазмунун көрсөтүү

Андрей Губин

5-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Ишеними үчүн соттолуп жаткан Андрей Губин кайратынан жазган жок

Ишеними үчүн соттолуп жаткан Андрей Губин кайратынан жазган жок

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Андрей Губинге чыгарылган чечимди жокко чыгарды

2022-жылдын 1-февралында Еврей автономдук облусунун соту Андрей Губинге коюлган айыпты жокко чыгарды. Анын иши кайра ага чейинки инстанциядагы сотко кайтарылды.

2021-жылдын 9-сентябрында Еврей автономдук облусунун Биробижан райондук соту Андрей Губинди айыптуу деп таап, аны 2 жарым жылга шарттуу соттоду. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Андрей Губин

  • Туулган жылы: 1974 (Сарань шаары, Казакстан)

  • Кыскача таржымалы: Бир агасы, бир эжеси бар. Мектепте окуп жүргөн кезинде үйүндөгүлөрүнө тыйын-тыпыр жагынан жардам бериш үчүн сабактан кийин темир иштеткен устаканада иштечү. Кийин чоң станокту иштеткен темир уста болуп иштеген. Спорт оюндарын ойногонду, ыр жазганды жана музыкалык аспаптарда ойногонду жакшы көрөт

  • Кичинекей кезинен эле дүйнөдөгү адилетсиздикке, ырайымсыздыкка кейип келген. Ыйык Китепти изилдей баштаганда жүрөгүнө тынчтык орноп, жашоосу маңызга толгон. Кудайдын Сөзүндөгү жер жүзүнө адилеттүүлүк орноп, адамдар тынчтыкта жашайт деген убада ага өзүн Жахаба Кудайга арнаганга түрткү берген. Андрей 1991-жылы 17 жашында чөмүлгөн. 2007-жылы Татьяна деген кызга үйлөнгөн. 2011-жылы Биробижанга көчүп барышкан.

Иштин чоо-жайы

2020-жылдын 12-февралынан тартып Федералдык коопсуздук кызматы Андрейди суракка ала баштаган. 2020-жылдын 17-сентябрында болсо ага каршы кылмыш иши козголгон.

Еврей автономдук облусунда Андрейден тышкары дагы 18 ишенимдешибизге каршы кылмыш иши козголгон. Ал кылмыш иштери «Сот күнү» деп аталган операция учурунда көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтишкенде башталган. 2018-жылдын 17-майында 150 полиция кызматкери 22 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Алар банк карточкаларын, акчаларын, сүрөттөрдү, компьютерлерди жана электрондук каражаттарды, телефондорду алып кетишкен.

Бийликтегилер Андрей менен Татьянанын банк эсептерине бөгөт коюп коюшкан. Анын айынан ал ишенимдештерибиз акча жагынан кыйналышкан. Бир нече айга созулган куугунтуктан улам Татьянанын ден соолугу аябай начарлап кеткен. Ошентсе да жолдошу экөө Ыйык Китепти окуганын токтотушкан эмес. Анын аркасында бир топ сооронушкан. Аларга, өзгөчө, Ыйык Китептеги кыйынчылык учурунда туруктуу болууга көмөк кылган кеңештер күч берген.

Жыйналыштагы ишенимдештери да жан аябастык менен колдоо көрсөткөнүнүн аркасында Андрейдин Жахабага жана анын уюмуна болгон ишеними ого бетер бекемделген. Мисалы, бир жолу ал жагдайы жөнүндө ойлонуп, катуу тынчсызданган. Анан сезимдерин, ага окшоп, куугунтукталып жаткан ишенимдешине айтып берген. Ал болсо аны алардыкындай жагдайда тынчсызданбай коюу мүмкүн эмес экенин айтып соороткон. Андан соң Исанын Жахабанын ысмы үчүн куугунтукталганын чоң сыймык катары көргөнүн эсине салган. «Ошондо жан дүйнөм тынчып эле калды. Атабыздын эркин аткарууга ого бетер бел байлап калдым»,— дейт Андрей.

Биз Андрей менен Татьяна андан ары да Кудайдын Сөзүнөн сооронуч, күч ала бериши үчүн жана ишенимдештери аларды кайраттандыра бериши үчүн тиленип турабыз. Биз «чыныгы Кудайдан корккондордун жакшылык көрөрүнөн» шектенбейбиз (Насаатчы 8:12).