Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Александр Серебряков менен жубайы Ирина. Оңдо: Юрий Темирбулатов

17-АВГУСТ, 2022
ОРУСИЯ

Камакка алынганына карабай үйүндөгүлөрүнө кам көрүшкөн

Камакка алынганына карабай үйүндөгүлөрүнө кам көрүшкөн

2022-жылдын 8-августунда Москванын Головинск райондук соту Александр Серебряковдун жана Юрий Темирбулатовдун ишине байланыштуу өкүмүн чыгарды. Эки бир тууганыбыз тең 6 жылга шарттуу соттолушту. Алар азырынча түрмөгө камалбайт. Экөөнү тең сот залынан бошотушту.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 10-февраль

    ФККнын, ИИМдин жана Улуттук гвардиянын кызматкерлери 16 Жахабанын Күбөсүнүн үйүнө кирип барышкан. Тинтүү учурунда 2 бир тууганыбызды сабап, 18ин суракка алыш үчүн алып кетишкен. Александр менен Юрийди да кармап кетишкен

  2. 2021-жыл, 12-февраль

    Экөөнү тең тергөө камак жайына жөнөтүшкөн

  3. 2021-жыл, 28-октябрь

    Юрийдин залалдуу шишигин алыш үчүн шашылыш түрдө операция жасалышы керек болгондуктан, аны ооруканага коё беришкен

  4. 2021-жыл, 4-ноябрь

    Ооруканадан чыккандан кийин Юрийди кайра тергөө камак жайына камашкан

  5. 2022-жыл, 7-февраль

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Александр менен Юрий камакта отурса да, үй-бүлөлөрүнүн рухий жактан бекем болушуна кам көргөнү менен жакшы үлгү көрсөтүшкөн. Куугунтукка карабай ишенимдүү бойдон калган үчүн Жахаба аларга жана үйүндөгүлөрүнө батасын бере берсин (1 Тиметей 5:8).

a b Макала даярдалып жаткан учурда Александр менен Юрий бир туугандарыбыз тергөө камак жайында болгондуктан, алар менен дил маек куруу мүмкүн болгон жок.