Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Дарья менен Венера Дуловалар. Оңдо: Александр менен Анастасия Пряниковдор. Ортодо: Светлана Заляева

20-ЯНВАРЬ, 2022
ОРУСИЯ

Карпинск шаарындагы ишенимдештерибиз Жахабага таянып, ишенимин бек сактоодо

Карпинск шаарындагы ишенимдештерибиз Жахабага таянып, ишенимин бек сактоодо

Карпинск шаарынын Свердловск соту жакында Дарья Дулованын, Венера Дулованын, Александр Пряниковдун, Анастасия Пряникованын жана Светлана Заляеванын ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 27-январь

    Александр, Дарья жана Венера үч башка кылмыш иши боюнча соттолушкан

  2. 2020-жыл, февраль

    Александрга, Дарьяга жана Венерага дагы башка кылмыш иши козголгон

  3. 2020-жыл, 30-март

    Айыпталып жаткандардын үйүн тинтишип, электрондук каражаттарын алып коюшкан

  4. 2020-жыл, 19-май

    Анастасия менен Светлана да буга чейин козголгон кылмыш ишине кошулган. Аларга эки жакка чыгууга тыюу салынган

  5. 2021-жыл, 29-апрель

    Сот отурумдары башталган

Жеке маалымат

Орусиядагы ишенимдештерибиз дагы деле куугунтукталып келишет. Бирок Жахабанын ал сүйүктүү бир туугандарыбызды колдоп, мээримине бөлөп жатканы бизди кандай гана бекемдейт! Алардын сыналган ишеними Жахабанын ысмына «мактоо», «даңк», «урмат-сый» алып келүүдө (1 Петир 1:7).