10-ИЮЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
Комсомольск-на-Амуре шаарында үч ишенимдешибиз айыптуу деп табылды
2023-жылдын 23-мартында Комсомольск-на-Амуре шаарындагы Борбордук райондук сот Татьяна Бондаренко, Елена Нестерова, Татьяна Свобода деген ишенимдештерибизди айыптуу деп тапты. Үчөө тең 5 жылга шарттуу соттолду. Азырынча алар түрмөгө камалбайт.
Жеке маалымат
Жахаба башына түшкөн ушундай кыйынчылыкка карабай ага ишенимдүү болуп жаткан ушул эжелерибизге батасын берип, күч-кубатка толтурсун деп тиленип турабыз (Рут 2:12).
Жагдайдын өрчүшү
21-сентябрь, 2021
Татьяна Свободага каршы кылмыш иши козголгон
18-октябрь, 2021
Бийлик өкүлдөрү Татьяна Бондаренко менен Елена Нестерованы да суракка алышкан
20-октябрь, 2021
Үйлөрү тинтилген
28-август, 2022
Кылмыш иши козголгон
28-декабрь, 2022
Сот иши башталган
23-март, 2023
Айыптуу деп табылып, 5 жылга шарттуу соттолушкан