Мазмунун көрсөтүү

Константин Баженовдун Орусиядагы түрмөдөн бошотулганына 14 күн болгондон кийин жубайы Ирина менен Украинанын чек арасынан жолугушушу (19-май, 2021-жыл)

20-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

Константин Баженов Орусиядан депортациялангандан кийин Украинага аман-эсен жетип алды

Константин Баженов Орусиядан депортациялангандан кийин Украинага аман-эсен жетип алды

Константин Баженов 2021-жылдын 5-майында эркиндикке чыккан a. Дагы бир нече убакыт камакта отургандан кийин 2021-жылдын 19-майында Украинага депортация болгон. Жубайы Ирина Константинди тосуп алыш үчүн ал жакка андан мурун кеткен. Орусия өкмөтү Константиндин жарандыгын 2020-жылдын май айында жокко чыгарып салгандыктан, ал депортация болгон.

Украинанын чек арасынан өтөрү менен Константин менен Иринаны ишенимдештерибиз Ышая 54:17деги: «„Сага каршы жасалган бир да курал натыйжалуу болбойт“,— дейт Жахаба»,— деген сөздөрдү плакатка жазып, тосуп алышкан

Жеке маалымат

Константин 1975-жылы Орусиянын Великий Новгород шаарында, динчил эмес үй-бүлөдө туулган. Бала кезинде үй-бүлөсү менен Украинага көчүп келишкен. Өспүрүм кезинде гимнастика менен машыкканды жакшы көрчү. Музыкага жакын болчу. Музыкалык мектепти аяктап, үйлөмө аспаптар оркестрин жетектеген.

Ыйык Китепти изилдей баштаганга чейин эле Константин зордук-зомбулук көрсөтүү, согушуу туура эмес деп эсептечү. Ошол себептен ал Украинанын аскер бөлүгүндө кызмат өтөөдөн баш тарткан. Коллежде окуп жүргөндө жашоо, дин тууралуу көп ойлончу. Бир нече диний агымдардын окууларын изилдеп көргөн. Жүрөгүн өйүгөн суроолоруна Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенде жооп алган. 1996-жылы чөмүлгөн.

2001-жылы Иринага үйлөнгөн. Үй-бүлөсүн багыш үчүн меш, очок жасаганды үйрөнгөн. Орусияга 2009-жылы көчүп барган.

Тинтүү жана камак

2018-жылдын 12-июнунда Орусиянын куралчан күчтөрү Саратовдогу Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн, анын ичинде Константин менен Иринанын үйүн тинтишкен. Константин менен чогуу Саратовдогу дагы эки ишенимдешибизди кармап, тергөө камак жайына камап коюшкан.

Камап коюшканда Константин ага Ыйык Китеп абдан керек экенин түшүнгөн. Анткени Кудайдын Сөзүнөн гана зарыл сооронуч, күч-кубат аларын билген. Бирок анда Ыйык Китеп жок болчу. «Аялым дептер берип жибериптир. Дептерге эстеген аяттарымды күнүгө жазып жаттым»,— дейт Константин. Жахаба ага 2 айдын ичинде 500дөй аятты эстегенге жардам берген. Акыры, ага Ыйык Китеп беришкенде, ал аны 4 айдын ичинде эле толугу менен окуп чыккан. Кудайдын Сөзүндөгү ойлор аны кадимкидей кубаттандырган. Ошондой эле Ыйык Китептен тапкан кызыктуу ойлорду аялы менен досторуна жазганы ага кубаныч тартуулаган.

Константин камакта отурганда, өзгөчө, өзүн жалгыз калгандай сезгенде, аялын сагынганда Жахабадан ишениминен жазбаганга күч сурап, кайра-кайра жалындуу тиленчү. Ал мындай деп эскерет: «Кээде тизелеп алып, Жахабадан ыйлап тиленчүмүн. Кудайдан сурагым келген нерселерди баракка жазып алып, жооп алгандарымды белгилеп койчумун. Ушунун баары Жахабанын жанымда экенине ынандырды». Ал тергөө камак жайынан 2019-жылдын 20-майында чыккан. Бирок кыйынчылыктары ошо менен эле бүтүп калган эмес.

Өкүм

Константин менен Саратовдогу дагы башка 5 ишенимдешибиз айыптуу деп табылып, 2019-жылдын 19-сентябрында түрмөгө камалган. Бир нече айдан кийин, сот алардын доо арызын четке каккандан кийин, 5 бир тууганыбызды Оренбургдагы колонияга, ал эми Константинди Дмитровграддагы колонияга жөнөтүшкөн. Анын колониясы Саратовдон, аялы жашаган жерден, 500 чакырымдан алыс жерде болчу.

Константин түрмөдө Эскерүү кечесин белгилөөдө (2020-жыл)

Константин камалганда, Ирина JW Жаңылыктарга чыккан куугунтукка карабай кубанычын жоготпогон ишенимдештерибиз тууралуу макалаларды окуп, бекемделген. Констандин ишениминен жазбай, жан дүйнө бейкуттугун сактап жатканы да аны бир топ кайраттандырган. Жолдошу түрмөдө отурган кезде курулган маегинде Ирина: «Ал кыйынчылыктарга карабай, кабагым-кашым деген жок»,— деп айткан. Ага Константинге телефон чалганга уруксат берилгенде, алар чогуу ырларды ырдап, тиленип, Ыйык Китепти чогуу изилдешчү. Ирина жолдошу менен Ыйык Китепти чогуу талкуулаганы анын Жахабага болгон ишенимин бекемдеп, кыйынчылыкка карабай кубанычын сактаганга көмөк кылганын айткан.

Константин ишеними үчүн 14 айдай тергөө камак жайында жана бир жарым жылдан ашуун убакыт түрмөдө отурган. Ал 3 жарым жылга кесилген. Бирок мөөнөтүнөн 9 ай эрте бошотулган. Анткени, мыйзам боюнча, тергөө камак жайындагы 1 күн түрмөдөгү 1 жарым күнгө барабар. Андан тышкары, сот анын мөөнөтүнөн эрте бошотуу боюнча доо арызын канааттандыргандыктан, анын калган 2 айы жокко чыгарылган.

Константиндин азаттыкка чыгып, кайрадан Ирина менен чогуу болгонуна абдан кубанып жатабыз. Башынан куугунтукту кечирип жаткан ар бир ишенимдешибиз Дөөтү падышанын: «Кыйынчылыктар артта калганга чейин сенин канатыңа корголоюн»,— деген сөздөрүнө ылайык иш кылууда (Забур 57:1)

a Константин түрмөдөн бошотулганда аны дароо эле депортацияланган чет өлкөлүк жарандарды кармоочу борборго алып кетишмек. Аны менен көрүшкөнгө Ирина жана 20 чакты ишенимдешибиз барган. Константинди алып кетерден мурун ага аялы менен сүйлөшкөнгө 30 мүнөт убакыт беришкен.