5-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ
Константин Баженов түрмөдөн бошотулуп, депортация болгону турат
2021-жылы 5-майда Константин Баженовдун жаза мөөнөтү соңуна чыкты. Ал Димитровграддагы түзөтүү абагынан бошотулду. Эске сала кетсек, Орусия өкмөтү 2020-жылдын май айында аны жарандыгынан ажыраткан. Ошол себептен Константин чет өлкөлүк жарандар үчүн убактылуу депортация борборуна дароо жеткирилди. Ал жакында Украинага депортация болот.