25-МАЙ, 2022
ОРУСИЯ
«Коркунучка алдырганга эч кандай себеп жок»
Челябинск облусунун Тракторозаводский райондук соту жакында Павел Поповдун ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.
Жагдайдын өрчүшү
2019-жыл, 26-март
Бет кап тагынган, колдоруна автомат көтөргөн он чакты киши Павелдин үйүнө кирип келип, тинтип киришкен
2021-жыл, 22- апрель
Кылмыш иши козголгон
2021-жыл, 18-май
Бийликтегилер Павелдин үйүн экинчи ирет тинтишкен. Жубайы Еленаны жана 13 жаштагы кызын суракка алышкан
2021-жыл, 31-август
Террористтердин жана экстремисттердин тизмесине кошулган
2021-жыл, 29-ноябрь
Сот отуруму башталган
Жеке маалымат
Жахабанын кыйынчылыктарды кайратынан жазбай, берилгендигин сактап келаткан ишенимдүү кызматчыларын мындан ары да колдоп, батасын бере берерине эч шектенбейбиз (2 Шемуел 22:19—21).