Мазмунун көрсөтүү

Орёл облустук соту

2019-ЖЫЛ, 14-МАЙ
ОРУСИЯ

Кристенсендин доо арызын кароо боюнча сот иши аягына чыгары күтүлүүдө

Кристенсендин доо арызын кароо боюнча сот иши аягына чыгары күтүлүүдө

2019-жылдын 7-майында, шейшемби күнү, Орёл облустук соту ишеними үчүн алты жылга түрмөгө кесилген Деннис Кристенсендин доо арызын карай баштаган. Бул сот да, Орусиянын башка сотторундай эле, Кристенсендин айыпсыздыгын тастыктаган, жактоочулары жүйөөлүү деп эсептеген көптөгөн далилдерди тийиштүү түрдө кароодон баш тартууда. Үч кишиден турган сот коллегиясы доо арызды жуманын аягына чейин карап, чечим чыгарышы мүмкүн.

Сот отурумунун биринчи күнүндө көптөгөн бир туугандар Деннис Кристенсенди колдош үчүн сот залына келген. Сотко ар кайсы өлкөлөрдүн дипломаттары, журналисттери жана адам укуктарын коргоочулар да катышкан. Сот отуруму 20-25 киши гана бата турган кичине сот залында башталып, 50дөн ашык киши эшикте күтүп турууга аргасыз болгон. Бирок сот, Кристенсендин жактоочуларынын өтүнүчү боюнча, сот отурумун 80ге жакын киши бата турган чоң залда өткөрүүгө макулдугун берген. Сот отуруму үч саатка созулуп, кийинки күнгө жылдырылган.

Сот отурумунун экинчи күнүндө Деннис Кристенсендин жактоочулары соттордон анын айыпсыз экенин көрсөткөн жетиштүү далилдерди кайрадан изилдеп чыгууну өтүнүшкөн. Бирок алардын өтүнүчү орундалган эмес. Бул, албетте, өкүнүчтүү. Анткени, Кристенсендин жактоочуларынын ою боюнча, ал далилдер анын адилетсиз түрдө айыпталып жатканын ырастамак. Ошол күндүн аягында сот отуруму 16-майда, бейшемби күнү, улантылып, эки тараптын жарыш сөзү болору жарыяланган.

Биз Орусиядагы бир туугандарыбыздын мындан ары да жан дүйнө бейкуттугун сактап, Жахаба Кудайдын аларды жек көргөндөрдөн сөзсүз куткарарына бекем ишене беришин сурап тиленип турабыз (Забур 12:5).