Мазмунун көрсөтүү

Николай менен жубайы Алеся

25-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

Кудайга ишенгени үчүн куугунтукталып келатса да, кайратын качырбаган Николай Алиев

Кудайга ишенгени үчүн куугунтукталып келатса да, кайратын качырбаган Николай Алиев

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ Орусиянын соту доо арызды канааттандырган жок

2021-жылы 2-сентябрда Хабаровск облустук соту Николай Алиевдин доо арызын канааттандыруудан баш тартып, соттун мурунку чечимин күчүндө калтырды. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Николай Алиев шарттуу соттолду

2021-жылы 4-июнда Комсомольска-на-Амуре шаарынын борбордук райондук соту Николай Алиевди төрт жарым жылга шарттуу соттоду.

Жеке маалыматы

Николай Алиев

  • Туулган жылы: 1961 (Комсомольска-на-Амуре)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинде тиричиликтин пайда болушуна жана ааламга кызыкчу. Кийинчерээк суроолоруна Ыйык Китептен жооп издей баштаган. Исанын окуткан нерселери жана дайыма тынчтыкты сактаганга умтулганы жөнүндө билгенде мушташ өнөрү менен машыкканын токтоткон. 1993-жылы чөмүлүп Жахабанын Күбөсү болгон.

    2016-жылы келинчеги Алеся экөө баш кошушкан. Экөө көптөгөн нерселер менен алектенгенди жактырышчу, анын ичинде саякатташчу, тоо-ташты кыдырышчу, лыжа тебишчү.

Иштин чоо-жайы

2020-жылдын 22-майында таң атпай Комсомольска-на-Амуре шаарынын күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Николай менен Алесянын үйүнө кирип келишкен. Кызматкерлер Николайды жерге жыгып жаткырып, үйүн 5 саат тинтишкен. Анан экөөнү камакка алышкан. Сурак учунда бийликтегилер Николайга динин салттуу диндердин бирине алмаштырууну сунуш кылышкан. Алесяны да «күйөөсү аман-эсен болушу үчүн» тергөө менен кызматташканга үндөшкөн. Ушундай коркутуп-үркүтүүлөр болсо да экөө кечинде боштондукка чыгып, үйүнө кетишке.

Ошол учурда Жахабанын колдоп жатканын даана сезгендиктен Николайдын ага болгон ишеними дагы да бекемделип калган. Ал мындай дейт: «Сыноого туш болгондо жалгыз көтөрүп кете албай турганыңа көзүң жетет. Азыр Жахабанын тилектерге кантип жооп берип, кантип жетек берерин жакшыраак түшүнүп калдым. Элчи Пабылдын: „Алсыз болгонумда күчтүүмүн” — деген сөздөрүнүн калетсиз экендигине ынандым» (2 Корунттуктар 12:10).

Николай менен Алеся кайратын күчтөп, жан дүйнө бейкуттугун сактаганга аракет кылып келишет. Алар Ышая 41-бөлүм, 10-аятты кагазга чыгарып, муздаткычына илип коюшкан. «Кыйын учурларда ал аятты окуй калам. Ошондо кадимкидей жеңилдеп калам. Кайратымды качырбаганга жардам берет. Өзгөчө Жахабанын жанымда экенин, аябай жакын туруп, сүйүктүү досундай кылып мени оң колу менен кучактап турарын билгеним күч берет»,— дейт Николай. Ооба, Жахаба берилген кызматчыларын дайыма колдоп, күч береринен такыр шектенбейбиз.