Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Андрей Андреев, Артём Багратян менен жубайы Алевтина Багратян жана Андрей Рышков

16-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ

Курск шаарында 5 бир тууганыбыз ишеними үчүн соттолуп жатат

Курск шаарында 5 бир тууганыбыз ишеними үчүн соттолуп жатат

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ: | Орусиянын соту 5 ишенимдешибиздин доо арызын канааттандырган жок

2022-жылдын ,20-январында Курск облустук соту Андрей Андреевдин, Андрей Рышковдун, Александр Воспитанюктун жана Артём Багратян менен аялы Алевтинанын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Соттун мурунку чечими күчүндө калды.

 2021-жылдын 3-июнунда Курск шаарынын Индустриальный райондук соту жубайларды жана башка үч ишенимдешибизди күнөөлүү деп тапты. Андрей Андреев төрт жарым жылга, ал эми Андрей Рышков үч жылга түрмөгө кесилди. Артём Багратян болсо эки жарым жылга, ал эми жубайы Алевтина Багратян эки жылга кесилди. Сот Александр Воспитанюктун да ишин карады. Ага кошумча чектөөлөр коюлуп, эки жылга шарттуу соттоду.

Жеке маалымат

 Андрей Андреев

  •  Туулган жылы: 1976 (Курск)

  •  Кыскача таржымалы: 1999-жылы Светлана менен баш кошкон. Эки кызы бар. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктардын аткарылып жатканын билгенде аны изилдөөнү чечкен. 2002-жылы чөмүлгөн

 Алевтина Багратян

  •  Туулган жылы: 1977 (Курск)

  •  Кыскача таржымалы: Көркөм өнөргө бала чагынан жакын. Ошол кезде эле Ыйык Китепти изилдей баштаган. 1997-жылы чөмүлгөн. 2012-жылы Артёмго турмушка чыккан. Чач тарач болуп иштеген. Апасына каралашат

 Артём Багратян

  •  Туулган жылы: 1972 (Абовян, Армения)

  •  Кыскача таржымалы: Армениядан Орусияга көчүп келген. Курсктан Алевтинаны жолуктурган. 2000-жылы чөмүлгөн. Жубайы экөө жаратылышта эс алганды жакшы көрүшөт

 Андрей Рышков

  •  Туулган жылы: 1987 (Курск)

  •  Кыскача таржымалы: Андрей 12 жашында атасынан айрылган. Апасы 2 жумушта иштегендиктен, аны таятасы тарбиялаган. Көптөгөн жылдар бою жүрөгүн өйүп келген суроолоруна Ыйык Китептен жооп тапкан. 2011-жылы чөмүлгөн. 2016-жылы Марина деген кызга үйлөнгөн. Үйлөрдү оңдоп-түзөп, жасалгалап иштейт

Иштин чоо-жайы

 2019-жылы, 16-октябрда Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФКК) Курск шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтип, көптөрдү суракка алышкан. Натыйжада, Андрей Андреевди жана Багратяндын үй-бүлөсүн кармап кетишкен. 2020-жылдын 21-январында болсо Андрей Рышковду камакка алышкан. Алевтина Багратян 13 айдан ашуун убакыт тергөө камак жайында отуруп чыккан. Ал 2020-жылдын 17-декабрында бошотулган. Калган 3 ишенимдешибиз дагы деле камакта.

 Артём Багратян кант диабети менен ооруйт. Жубайы Алевтина жолдошу экөө эки бөлөк камерада отурган күндөрү тууралуу мындай деген: «Анын кандай абалда экенин көпкө чейин биле албай жүрдүм. Ден соолугу барган сайын начарлай берди. Мен болсо аябай куса болдум».

 Алевтина Жахаба ага, абактагы жолдошуна жана 2 бир тууганыбызга кам көрөрүн билген. Так ушуну билгени ага ишенимдүү бойдон калганга жардам бергенин айтты. Ал: «[Жахаба] күч берип жатты. Мындан ары да күч бере берерин билем. Жахабадан кымындай да шектенбейм»,— деген.

 Орусиядагы ал ишенимдештерибиздин кыйынчылыктары дагы деле уланып жатат. Бирок Жахаба аларга «бекем мунара» болуп берерине толугу менен ишенебиз (Накыл сөздөр 18:10).