Мазмунун көрсөтүү

Москва облусунун Чехов шаардык соту

21-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ

Куугунтукталып жаткан Юрий менен Зинаида Крутяковдор, Виталий Никифоров жана Константин Жеребцов Жахабага таянышууда

Куугунтукталып жаткан Юрий менен Зинаида Крутяковдор, Виталий Никифоров жана Константин Жеребцов Жахабага таянышууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын Кассациялык соту экинчи доо арызды четке какты

2022-жылдын 13-январында Жалпы юрисдикциянын биринчи кассациялык соту Юрий менен Зинаида Крутяковдордун, Виталий Никифоровдун жана Константин Жеребцовдун экинчи доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар азырынча түрмөгө камалбайт.

2021-жылы 20-июлда Москва облустук соту Юрий, Зинаида, Виталий жана Константин бир туугандарыбызга чыгарылган мурунку сот чечимин күчүндө калтырган. Ал чечимге ылайык, аталган ишенимдештерибиз шарттуу соттолушкан болчу.

2021-жылы 24-майда Москва облусунун Чехов шаардык соту Юрий менен Зинаида Крутяковдорду, Виталий Никифоровду жана Константин Жеребцовду күнөөлүү деп тапты. Соттун чечимине ылайык, Юрий Крутяков 6 жылга шарттуу соттолду. Ал эми Зинаида Крутякова, Виталий Никифоров жана Константин Жеребцов 2 жылга шарттуу соттолушту.

Жеке маалымат

Юрий Крутяков

  • Туулган жылы: 1952 (Нижний Новгород)

  • Кыскача таржымалы: Курулуш боюнча окуу жайын бүтүргөн. Кийин өндүрүштүк-техникалык бөлүмдө башчы, ошондой эле долбоорлорду чийип берген адис болуп иштеген. Жашоонун маңызын издеп келген. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, суроолоруна жооп алган. 1998-жылы чөмүлгөн

    2012-жылы Зинаидага үйлөнгөн. Экөө чогуу тамак жасаганды, музыка укканды жакшы көрөт

Зинаида Крутякова

  • Туулган жылы: 1958 (Нижнедевицк)

  • Кыскача таржымалы: Кызын жалгыз тарбиялап-чоңойткон. Керамика жана отко туруштук берген материалдарды чыгаруу боюнча инженер-технолог болуп иштеген. Учурда ардактуу эс алууда

    Дүйнөдөгү адилетсиздик ойлондуруп жүргөн. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдегенде суроолоруна жооп тапкан. 2003-жылы чөмүлгөн. Юрийге 2012-жылы турмушка чыккан

Виталий Никифоров

  • Туулган жылы: 1968 (Невель, Псков облусу)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинде мыкты эсеп чыгарчу, спорт оюндарын жакшы көрчү. Орусия аскер-аба күчтөрүндө учак оңдоп иштеген

    Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти 2005-жылы изилдей баштаган. 2007-жылы аскердик жумушун таштаган. 2012-жылы чөмүлгөн

Константин Жеребцов

  • Туулган жылы: 1973 (Түркмөнстан)

  • Кыскача таржымалы: Жаш кезинде оор атлетикага, марка чогултканга кызыкчу. Техникумду бүтүргөндөн кийин электрик болуп иштеген. 2003-жылдан тартып атомдук электростанциялардын буйрутмасын аткарган унаа куруу заводунда эмгектенип келген

    1994-жылы Наталья деген кызга үйлөнгөн. Экөө чогуу Ыйык Китепти изилдей баштаган. 2016-жылы чөмүлгөн

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 30-сентябрында Орусиянын Москвадагы тергөө комитети Виталий Никифоровго, Константин Жеребцовго жана Юрий менен Зинаида Крутяковдорго каршы кылмыш ишин козгогон. Эки күндөн кийин полиция кызматкерлери алардын үйүн тинтишкен.

Виталийди, Константинди жана Зинаиданы бир нече саат бою суракка алып, андан соң бир түнгө камап коюшкан. Кийинчерээк үчөө тең үй камагына отургузулушкан.

2020-жылы 5-мартта Юрийди тергөө камак жайына алып кетишкен. Ошондон тартып аны үч жолу ар кайсы камак жайына которушкан. Учурда ал дагы деле камакта отурат.

Константин ошондой оор жагдайларда Жахабадан тиленүү абдан маанилүү экенин айткан. Үйүнө полиция кызматкерлери келер күнү ал Жахабадан өтө тынчсызданбаганга жардам беришин суранган. Константин: «Дүрбөлөңгө түшпөй, полиция кызматкерлерине урмат-сый менен мамиле кылганыбыздын аркасында аларга кабар айта алдык. Алар биздин тынчтыкты сүйгөн, мыйзамга баш ийген адамдар экенибизди көрүштү»,— дейт.

Андан ары ал сөзүн мындай деп улаган: «Кыйналганымда Закарыя 2:8деги сөздөр мага күч берип жатты. Ал аят Жахабанын мага кам көрөрүн, мени бааларын эсиме салып турду. Ошондой эле ал мени көзүнүн карегиндей сактай турагына ынандырды».

Ал сүйүктүү ишенимдештерибиз жүгүн «Жахабага артууда». Биз Жахабанын аларды мындан ары да колдой берерине бекем ишенебиз (Забур 55:22).