Мазмунун көрсөтүү

Людмила Шуть

30-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Кылмыш иши козголгон 73 жаштагы оорукчал апа Жахабага үмүт артууда

Кылмыш иши козголгон 73 жаштагы оорукчал апа Жахабага үмүт артууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту 73 жаштагы Людмила Шуть деген ишенимдешибизди шарттуу соттоду

2021-жылдын 19-майында Приморье крайынын Надеждинск райондук соту 73 жаштагы Людмила Шуть деген ишенимдешибизди айыптуу деп тапты. Аны төрт жылга шарттуу соттошту. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

Өкүм жарыяланчу күн

Приморье крайынын Надеждинск райондук соту жакында Людмила Шуть деген ишенимдешибизге каршы козголгон ишке байланыштуу чечимин жарыялайт a. Айыптоочу аны 4 жылга шарттуу соттоону талап кылууда.

Жеке маалымат

Людмила Шуть

  • Туулган жылы: 1947 (Макаров, Сахалин)

  • Кыскача таржымалы: Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти 2000-жылдары изилдей баштаган. Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарга абдан таасирленген. 2003-жылы чөмүлгөн. Ошол эле жылы күйөөсү каза болуп калган. Үч баласы, үч небереси бар. Өнөкөт оорусунан улам балдаксыз баса албайт

Иштин чоо-жайы

Бийликтегилер Раздольное кыштагындагы Жахабанын Күбөлөрүн 2017-жылдын ноябрынан тартып эле текшере баштаган. 2020-жылы февралда бийликтегилер Людмила бир тууганыбызга каршы иш козгошкон. Улгайган курагына, ден соолугунун начардыгына карабай алар ага белгиленген аймактан чыгууга тыюу салып коюшкан.

Сот иштеринен улам Людмиланын ден соолугу, эмоциялык абалы абдан начарлап кеткен. Көзүнө да операция талап кылынууда. Учурда уйкусуздуктан кыйналып жатат. Людмила баарын Жахабага тапшырып, ага таянып жаткандыктан анын жардамын сезип жатат. Ышая 26:3тө айтылгандай, Жахаба ага «тынчтык берүүдө».

Жыйналышындагы ишенимдештери Людмилага кам көрүп, ар кайсы жагынан көмөк көрсөтүп жатышат. Башкалардын ал үчүн тиленип жатканына ал абдан ыраазы. «Мен муну эч качан унутпайм»,— дейт Людмила.

Кичүү баласы менен кичүү кызы Жахабанын Күбөсү болбосо да, ушундай оор учурда апасына жөлөк болушууда.

Соттун чечимин күтүп жаткан маалда Людмила бир тууганыбыз андан ары да «Кудайдын күчүнө таяна» береринен эч шектенбейбиз (2 Тиметей 1:8).

a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.