Мазмунун көрсөтүү

11-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Михаил жана Елена Поповдор Орусия соту тарабынан куугунтукталууда. Чечим 2020-жылдын 13-февралында чыгат

Михаил жана Елена Поповдор Орусия соту тарабынан куугунтукталууда. Чечим 2020-жылдын 13-февралында чыгат

2020-жылдын 13-февралында Вилючинск шаардык сотунда Михаил Попов менен анын жубайы Еленага каршы козголгон ишке байланыштуу чечим чыгарылат. Камчаткада жашаган ал жубайларды 2018-жылы, 30-июлда кармап кетишкен жана кийин 2018-жылдын 9-августунда бошотушкан. Аларга «экстремисттик иштерге» катыштыгы бар деген айып коюлууда.

Михаил менен Елена оор жагдайга кабылганына карабай Жахабага таянып жатышат. Биз Кудайыбыздын аларга «баш маана» болуп, күч береринен шектенбейбиз (Забур 46:1).