10-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ
Москвадагы жана Москва облусундагы ишенимдештерибиздин үйү тинтилди
2021-жылдын 10-февралында таң эрте Орусиянын күч органдары (жергиликтүү полиция менен Федералдык коопсуздук кызматы) Москвадагы жана Москва облусундагы ишенимдештерибиздин, бери дегенде, 15 үйүн тинтишти. Алар бир нече ишенимдешибизди суракка алыш үчүн алып кетишкен. Алардын, бери дегенде, үчөөнү камап коюшкан.
Биз Орусиядагы ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз. Жахабанын аларга бул куугунтукка чыдаганга күч береринен шектенбейбиз (1 Петир 5:10).