9-АПРЕЛЬ, 2020
ОРУСИЯ
Николай бир тууган Белорустагы түрмөдөн бошотулду, прокурор аны Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартты
2020-жылы 7-апрелде Белорус Республикасынын Башкы прокуратурасы Николай Махаличевду Орусияга өткөрүп берүүдөн баш тартып, түрмөдөн бошотууну чечти. Николай бир тууган өз учурунда эркиндикке чыгып, Белорустагы достору менен бирге жыл сайын белгиленген Машаяктын өлүмүн эскерүү кечесине катыша алганына аябай сүйүндү.
Бийликтегилер Николай бир тууганды 2020-жылдын 21-февралында Орусиядан Белорустагы досторуна баратканда кармашкан. Белорустун милициясы паспортун текшергенде, ага «экстремисттик» уюмдун иштерин уюштурду деген айып тагылганын жана Орусиянын кооптуу кылмышкери катары изделип жаткандардын эл аралык тизмесине киргенин аныктагандыктан, аны камакка алышкан.
Үч күндөн кийин алар 2019-жылдын январында Николай бир тууганга тагылган айыптын негизинде аны Орусияга өткөрүп берүү керекпи же жокпу, чечкенге чейин камакта калтырышкан. Бул Орусиянын талабына ылайык, Жахабанын Күбөсүнүн башка өлкөдө камалганынын биринчи учуру болду.
Түрмөдө отурганда Николай бир тууган рухий иштер менен алек боло бергендиктен, оң маанай сактай алган. Ал төрт киши менен Ыйык Китепти изилдеген жана март айында кабар айтууга 198 саат жумшаган.
Ушундай оор мезгилде Орусиядагы ишенимдештерибиз Жахаба Кудайды аска-зоо, баш маана катары көрүп, ага таяна берерине шектенбейбиз (Забур 142:5).