Мазмунун көрсөтүү

Дин боюнча белгилүү окумуштуу жана Орусия Федерациясынын мамлекеттик кеңешчиси Сергей Игоревич Иваненко

18-ОКТЯБРЬ, 2019
ОРУСИЯ

Орусиядагы дин боюнча бир окумуштуу Саратовдогу Жахабанын Күбөлөрүн коргоп сүйлөдү

Орусиядагы дин боюнча бир окумуштуу Саратовдогу Жахабанын Күбөлөрүн коргоп сүйлөдү

2019-жылдын 4-сентябрында, Саратовдогу алты Жахабанын Күбөсүнө байланыштуу сот иши каралып жаткан учурда, дин боюнча белгилүү окумуштуу жана Орусия Федерациясынын мамлекеттик кеңешчиси Сергей Игоревич Иваненко Жахабанын Күбөлөрүнүн пайдасы үчүн күбөлүк берди. Ал — Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө жазылган эки илимий эмгектин автору. Төмөндө анын ант алдында берген сөздөрүнөн үзүндү келтирилди:

Жахабанын Күбөлөрүнүн жашоосу жана сыйынууга байланышкан иштери. «Жахабанын Күбөлөрүн өзгөчөлөп турган нерсе, алар катуу эрежелерге же кайсы бир жол башчынын бийлигине баш ийип жашабайт. Жахабанын Күбөлөрү алардын динин туткан ар бир киши Ыйык Китепке ылайык жекече жана өз эрки боюнча чечим чыгара алышы үчүн, абийирин Ыйык Китептин негизинде тарбиялоого жардам беришет.

Алар Ыйык Китепте жазылгандарга, биздин замандын 1-кылымында жашаган Иса Машаяк менен анын шакирттери баш ийген принциптерге, карманып жашоого аракет кылышат.

Мындан тышкары, Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга чогуу сыйынганы: алардын Ыйык Китепти изилдегени, Ыйык Китепке байланыштуу суроолорго жооп бергени, Ыйык Китептеги аяттарга негизделген ырларды ырдаганы баарын Ыйык Китепке негиздегенге бүт күчүн жумшай турганын айкын көрсөтүп турат. [...]

Ошондой эле алар Исанын жолдоочулары үчүн жыйналыштарга баруу сыйынуунун бир бөлүгү болушу керектигине ишенишет. Бул жагынан да Жахабанын Күбөлөрү Жаңы Келишимди — Иса Машаяк менен анын шакирттери, жолдоочулары жана биринчи кылымдагы жыйналыш жөнүндө айтылгандарды — окуп-изилдешкен... Жахабанын Күбөлөрү Кудайга жыйналыш менен чогуу сыйынышы керектигин түшүнүшөт.

Алар Иса Машаяктын жолдоочулары бири-бирине көрсөткөн сүйүүсү менен айырмаланып турарын баса белгилешет».

Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу иши. «Жахабанын Күбөлөрү кабар айтуу ишине жигердүү катышканы менен белгилүү. Мен аларды кабар айтканы, ынталуулугу боюнча биринчи орунга коймокмун. Ар бир Жахабанын Күбөсү кабар айтышы, ал ишке белгилүү бир убактысын жумшашы керек.

Алар адатта: „Ыйык Китепте мындай деп айтылат“,— деп айтышат. Андыктан каалагандар алардын айткандарын Ыйык Китептен текшерип көрө алат. Макул болсо, аларга кошулат. Макул болбосо, кошулбай деле коё алат. Бул ар кимдин өз эрки».

Жахабанын Күбөлөрүнүн «экстремисттер» деп айыпталышы. «Башында Жахабанын Күбөлөрүнүн айрым адабияттары „экстремисттик“ деп эсептелген. Себеби кээ бир адистердин айтымында, ошол адабияттарда Жахабанын Күбөлөрүнүн дини гана чыныгы дин, башкалары жалган деп жазылган. Чынында, башка диндер деле ошентип айтышат да. Бирок, эмнегедир, Жахабанын Күбөлөрүн гана айыптап жатышат. Алардын өз динин чыныгы, башкалардыкын жалган деп айтканын диний үгүт катары көрүп, өз динин башкалардан жогору көрүүдө деп түшүндүрүшүүдө.

Диний окумуштуу катары мен соттун чечимин туура эмес деп ойлойм. Эгер изилдеп көрсөңөр, кайсы дин болбосун, өзүнүкүн гана туура, башкаларын же жалган, же адашып жүрөт деп эсептээрин байкайсыңар.

Дин туткан ар бир эле киши өзүнүн динин чыныгы дин деп эсептейт. Ал эми башка диндерди толугу менен жалган же ал диндерди туткандар кандайдыр бир деңгээлде адашып жүрөт деп ишенет. Алар ошентип ишениши керек, болбосо эки жүздүү болуп калмак. [...]

Мамлекеттик мыйзамдар Кудайдын мыйзамдарына карама-каршы келбеген учурларда Жахабанын Күбөлөрү өкмөттүн мыйзамына дайыма баш ийишет жана аларды аткарууга дилгир. Ошол себептен Жахабанын Күбөлөрүнүн капчык таап алып, ээсине кайтарып бергени, айып пулду, алык-салыктарды калтырбай төлөгөнү жөнүндөгү окуялар арбын. Чынында, алар буларды кылбай деле коё алышмак. Алар чынчыл болгонго, мыйзамга баш ийүүгө чын дилден аракет кылышат. Ошон үчүн Жахабанын Күбөлөрүн экстремист деп же ошондой иштерди жашыруун кылат деп айтуу акылга сыйбайт».

Жахабанын Күбөлөрү жана Ыйык Китеп. «Жахабанын Күбөлөрүнүн дагы бир өзгөчөлүгү, изилдөө үчүн жана кабар айтуу үчүн Ыйык Китептин ар кандай котормолорун колдонушат. Алар Ыйык Китепти ар кайсы тилдерде которууга абдан кызыкдар. Ыйык Китепке басым жасоо жагынан алар башка диндерден айырмаланып турат. Орусияда алар которгон Ыйык Китеп экстремисттик китеп деп эсептелүүдө... Балким, ушундай чечимди чыгаргандар Жахабанын Күбөлөрү ошол котормону гана колдонот, ошондуктан эгер бул китепке тыюу салынса, алар кабар айтканын токтотот деп ойлогондур. Бул чоң жаңылыштык болгон. Анткени Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептин ар бир котормосун баалашат».

Дин тутууда колдонулган юридикалык жактар. «Орусия Федерациясынын Жогорку сотунун чечими Жахабанын Күбөлөрүнүн көптөгөн жыйналыштарынын юридикалык жагы болбогонун көрсөтүп турат... Андыктан кайсы бир аймакта жашаган Жахабанын Күбөсү автоматтык түрдө юридикалык жактын мүчөсү болуп саналат деп айтуу туура эмес. [...]

Юридикалык жактар жөнүндө айта турган болсом,.. мен алардын уставдарын кылдат изилдеп чыктым. Ал жерде көзөмөлчүлөр, аксакалдар, пионерлер деген сыяктуу терминдер кездешпейт. Уставдарда, негизинен, негиздөөчүлөр жөнүндө, онго жакын кишиден турган топ тууралуу, айтылат. Юридикалык документтерде айтылган адамдардын милдети диний эмес, юридикалык мүнөздөгү иштерди гана камтыйт. Алар жыйналышта кандайдыр бир өзгөчө абалды ээлешпейт жана Жахабанын Күбөлөрүнүн сыйынуусуна байланыштуу кандайдыр бир чечимдерди чыгарууга укугу жок... Жахабанын Күбөлөрү кайсы өлкөдө же аймакта жашабасын, баары Кудайга бирдей сыйынышат.

Жахабанын Күбөлөрү [алардын юридикалык жактарына гана тыюу салган Жогорку Соттун чечимине] ылайык иш кылышат, тагыраак айтканда, иш жүргүзүүдө Жогорку Соттун чечимине баш ийишет. Ошол эле учурда бийлик тарабынан тыюу салынбаган диний жамаат катары өз ишин улантып жатышат. Ошондой эле дин тутууга укугу бар жарандар катары Кудайга өз алдынча сыйынганын улантууда. Өздөрүнүн да, диний изилдөөчүлөрдүн да көз карашы боюнча, Жахабанын Күбөлөрүнүн ушундайча иш жүргүзгөнү Жогорку Соттун чечимине каршы келбейт».

Жахабанын Күбөлөрүнүн кан куйдурууга болгон көз карашы. «Ыйык Китепте: „Өмүр канда“,— деп айтылгандыктан, канды колдонууга болбойт. Негизи, бул жерде канды жегенге тыюу салынган, бирок булар ал буйрукту кеңири мааниде түшүнүшөт. Жахабанын Күбөлөрү канды тамак катары да жебеш керек (алар кан кошулган колбасаны жешпейт), кан да куйдурбаш керек деп эсептешет. Бирок кандын майда фракцияларын колдонуудан баш тартышпайт. Муну ар бир Жахабанын Күбөсү өзү чечет... Алардын кан куйдуруудан баш тартканы өлгүсү келерин билдирбейт. Алар тек гана дарылоонун сапаттуу, эң мыкты ыкмасын тандагысы келет. Алардын жана көптөгөн доктурлардын көз карашы боюнча, кан куйдуруу кооптуу. Себеби кан аркылуу ЖИКС же дагы башка оорулар жугушу мүмкүн. Кансыз жасалган операциялардын ийгиликтүү болоруна чоң кепилдик бар. Статистикаларды карап көрүп, колунда бар адамдардын кан куйдуруудан баш тартарын байкадым. Анткени бул жугуштуу оорулардан коргоп, бейтаптын абалынын оорлоп кетишине бөгөт коёт экен».

Жахабанын Күбөлөрүнүн тартуу кылынган каражаттары. «Адам, кааласа, тартуу кылбай коё алат. Ал тургай, өмүр бою Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштарына барып, бирок бир да рубль же доллар бербей койсо болот. Каражат тартуу кылууну же кылбоону ар бир киши өзү чечет».

Сергей Игоревич Иваненко Жахабанын Күбөлөрүнүн чынчыл, мыйзамга баш ийген адамдар экенине адис катары көптөгөн жүйөлүү далилдерди келтирсе да, сот анын айткандарын көз жаздымда калтырып, алты ишенимдешибизди ар кандай мөөнөткө түрмөгө кести.

Орусия өкмөтү бир туугандарыбызга ар кандай жалган жалаа жаап, түрмөгө камап жатса да, биз Жахабага кайрылып, кайраттуу, ишенимдүү ал боордошторубузду колдоп, кубанычын жоготпоого жана аларды жакшы көрөрүнө ынандыра берсин деп тиленип турабыз (Забур 109:2—4, 28).