Мазмунун көрсөтүү

Үстүңкү катар (солдон оңго): Николай Ануфриев; Эдуард Меринков жана жубайы Валентина; Геннадий Полякевич; Александр Прилепский

Алдыңкы катар (солдон оңго): Виктор Щанников жана жубайы Виктория; Геннадий Скутелец; Александр Воронцов жана жубайы Елена

20-ЯНВАРЬ, 2022
ОРУСИЯ

Орусиядагы жети бир тууганыбыз Жаратканына таянууда

Орусиядагы жети бир тууганыбыз Жаратканына таянууда

Коми республикасынын Печора шаардык соту жакын арада Николай Ануфриевге, Эдуард Меринковго, Геннадий Полякевичке, Александр Прилепскийге, Виктор Щанниковго, Геннадий Скутелецге жана Александр Воронцовго карата өкүмүн жарыялайт. Айыптоочу ал бир туугандарга кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 28-январь

    Бийликтегилер Коми республикасындагы 12 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Геннадий Скутелецге жана Геннадий Полякевичке каршы кылмыш иши козголгон

  2. 2020-жыл, 30-январь

    Геннадий Полякевич тергөө камак жайына камалган, Геннадий Скутелец болсо үй камагына алынган

  3. 2020-жыл, 20—25-май

    Печорадагы Жахабанын Күбөлөрү козголгон кылмыш иши боюнча күбө катары суракка алынышкан. Тергөөчү коркуткандыктан, ишенимдешибиздин бири микроинсульт болгон. Азыр ал ишенимдешибиз өзүн жакшы сезип жатат

  4. 2020-жыл, 26-июнь

    Геннадий Полякевичтин камактагы мөөнөтү узартылат. Сот ага «атайылап оор кылмыш жасаган», анын ичинде «бийликтегилердин каршылыгына карабай Жахабага кызмат кыла берем» деп айткан деген айып койгон

  5. 2020-жыл, 24-август

    Бийликтегилер дагы 12 Жахабага Күбөсүнүн үйүн тинтишкен

  6. 2020-жыл, 10-ноябрь

    Александр Прилепскийге, Александр Воронцовго, Эдуардга, Николайга жана Викторго каршы кылмыш иши козголгон. Аларга каршы козголгон кылмыш иши Геннадий Полякевич жана Геннадий Скутелецдин иши менен бириктирилген

  7. 2020-жыл, 25-ноябрь

    Геннадий Полякевич тергөө камак жайында 300 күн отургандан кийин, бошотулуп үй камагына чыгарылган

  8. 2021-жыл, 27-январь

    Геннадий Скутелец 363 күн үй камагында отургандан кийин бошотулган

Жеке маалымат

Жахабанын жакшылыгын көрөрүнө бекем ишенген бул бир туугандарыбыз азыр да, келечекте да андан мол бата аларынан шектенбейбиз (Забур 27:13).